Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин «Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН КЕЗЕКСИЗ XIX СЕССИЯСЫ (V ЧАКЫРЫЛЫШ)
2023-жылдын 20-июну № 143
Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27, 34, 39 жана 40-беренелерин жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэринин орун басары С.Джунусбаевдин, “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын башчысы Н.Исмаиловдун маалыматтарын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 12-июнундагы №17 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр жогорулатылып, тиркемеге ылайык бекитилсин (1, 2 тиркемелер тиркелет).
2. Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн төлөмдөр 2023-жылдын 1-июлунан баштап жаңы тариф менен жүргүзүлсүн.
3. Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 4-июндагы №112, 2015-жылдын 12-февралындагы №253 жана 2016-жылдын 26-декабрындагы №56 “Калк, мекемелер, уюмдар жана комерциялык структуралар үчүн турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгарууга тарифтерди бекитүү жөнүндө” токтомдору күчүн жоготту деп табылсын.
4. “Ош-Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына (Н.Исмаилов) таштанды таштоочу жай “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгында жайгашкандыгына байланыштуу жашоочуларга тийгизген зыяндуулугун аныктап, таштанды үчүн төлөнүүчү акыны женилдетүү жагы каралсын.
5. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (М.Маматов) жүктөлсүн.
Төрага
С.С.Назылбеков
С.С.Назылбеков
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 токтомуна №1 тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу кызматына болгон баалардын (тарифтердин) Прейскуранты
№
Кызмат көрсөтүүнүн түрү
Өлчөө бирдиги
Баасы, сом
1.
Көп кабаттуу үйлөр
1 кишиге, бир айга
35,0
2.
Жеке менчик үйлөр
1 кишиге, бир айга
40,0
3.
Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери үчүн ташып чыгаруу (хронометраждын негизинде)
1 м3
550,0
4.
Катуу тиричилик калдыктарын чарба субьектилери өздөрү ташып чыгарганда
1 м3
300,0
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №143 токтомуна №2 тиркеме
Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн түзүлгөн эсептөөлөрдүн өлчөмү жана баасы
№
Катуу тиричилик калдыктарын чыгаруучу жайлар
өлчөө бирдиги
бир айга, сом
бир жылга, сом
1
Коомдук тамактануучу мекемелер (ресторан, кафе, бар, ашкана ж.б.)
бир адам отуруучу орунга
124
1488
2
Навайкана жана самсаканалар
бир тандырга
605
7260
Навайкана жана самсаканалар
бир жумушчуга
124
1488
3
Керек-жарак, үй-тиричилик буюмдарын сатуучу соода борборлор,чоң ж.б. майда дүкөндөр
1м2 аянтка
32
384
4
Азык-түлуктөрдү сатуучу соода борборлору, чоң ж.б. майда дүкөндөр
1м2 аянтка
29
348
5
Базарлар
1м2 аянтка
23
276
6
Сактоочу жайлар (склад ж.б.)
1м2 аянтка
23
276
7
Автовокзалдар, темир жол вокзалы жана аэропорт
1м2 аянтка
31
372
8
Автоунаалар токтоочу жайлар
1 авто ордуна
58
696
9
Автоунааларды оңдоочу жана жуучу жайлар
1м2 аянтка
124
1488
11
Заводдор жана фабрикалар
адамдын санына
26
312
Заводдор жана фабрикалар
1м2 аянтка
29
348
12
Ооруканалар
жатуучу орунга
29
348
13
Поликлиникалар, жана китепканалар,менчик УЗИ, мед.борборлор
1м2 аянтка
27
324
14
Мейманканалар жана эс алуу борборлору
бир орунга
50
600
15
Жатаканалар (общежития)
бир орунга
29
348
16
Санаториялар жана эс алуучу жайлар
бир орунга
38
456
17
Балдар бакчалары (мамлекеттик)
бир орунга
18
216
18
Балдар бакчалары (жеке менчик)
бир орунга
18
216
19
Мектептер
бир окуучуга
14
168
20
Мектеп-интернаттары
бир окуучуга
15
180
21
Атайын окуу жайлары (училища)
бир окуучуга
12
144
22
Жогорку окуу жайлары жана технукумдар
бир студентке
25
300
23
Театрлар жана кинотеатрлар
бир орунга
29
348
24
Мекеме-ишканалар
бир кызматкерге
87
1044
25
Типографиялар
бир жумушчуга
124
1488
26
Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар
1м2 аянтка
82
984
Тейлөө тармактары (чачтарач, тигүү жайлар, өтүк оңдоо,хим.тазалоо, сүрөт тартуучу ж.б. Жайлар
бир жумушчуга
124
1488
27
Мончолор, сауналар жана ажатканалар
бир орунга
107
1284
28
Интернет, букмекер клубдар
бир орунга
107
1284
29
Машыгуу залдары, футзалдары, фитнес клубдар, бассейндер
бир орунга
107
1284
30
Авиа кассалары
бир жумушчуга
124
1488
Авиа кассалары
1 м2 аянтка
82
984
31
Бильярд клубдары
бир ойноочу столго
255
3060
Бильярд клубдары
бир кызматкерге
124
1488
32
Ийне сайуучу жайлар (процедурный)
1м2 аянтка
86
1032
33
Ажатканалар
1м2 аянтка
124
1488
34
Лабороториялар
1м2 аянтка
91
1092
35
Стоматологиялар
1м2 аянтка
86
1032
36
Дарыканалар
1м2 аянтка
86
1032
37
Эстелик жасоочу жайлар
1м2 аянтка
89
1068
38
Курулуш куруучу компаниялар: (курулуш учурунда жолдорду булгаган учурда)
100м2 жолду шыпырып жууганга, 1т.жүк жүктөөгө, айдоочулардын эмгек акысына, күйүүчү майга, сууга
4560
54720
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси
И.Э. Абдыраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Ош шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-февралындагы №22 Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы “Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарына болгон төлөмдөрдү жогорулатуу…Постановление · 27.02.2025 · № 22
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 56 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы №58- «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык…Постановление · 26.12.2016 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 112 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган № 58-«Калк, мекемелер, уюмдар…Постановление · 04.06.2013 · № 112 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 253 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар…Постановление · 12.02.2015 · № 253 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
- Ош шаарынын статусу жөнүндөЗакон · 12.12.2013 · № 219
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы № 56 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы №58- «Калк, мекемелер, уюмдар жана коммерциялык…Постановление · 26.12.2016 · № 56 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы № 112 "Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 23-сентябрындагы VI сессиясында кабыл алынган № 58-«Калк, мекемелер, уюмдар…Постановление · 04.06.2013 · № 112 · Күчүн жоготкон
- Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 12-февралындагы № 253 "Депутаттардын Ош шаардык кеңешинин 2013-жылдын 4-июнундагы VIII сессиясында кабыл алынган № 112-«Калк, мекемелер, уюмдар…Постановление · 12.02.2015 · № 253 · Күчүн жоготкон