Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Ош шаардык кеңешинин кезектеги «Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндө» токтому
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ ТОКТОМ Ош шаардык кеңешинин кезектеги XIV сессиясы (V чакырылыш)
2023-жылдын 15-ноябрындагы № 92
Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 33, 34, 40-беренелерин, 1992-жылы 12-февралдагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки мекемелерде балдарды камсыздоо жөнүндө” №48 сандуу Жарлыгын жана 1995-жылы 16-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин “социалдык инфраструктуралык объектилерди пайдалануунун шарттарын камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” №37 Жарлыгын жана Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 33,34,35,36-главаларында көрсөтүлгөн талаптарды жетекчиликке алып, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 11-ноябрындагы отурумунун №12 чечимин, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кенеши токтом кылат:
1. Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын Ош шаарында мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларын кайра муниципалдык менчикке кайтаруу жөнүндөгү сунушу колдоого алынсын.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Мамбетов):
- Ош шаарынын аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан жергиликтүү бийликтен сырткары мурда башка жактарга берилип кеткен балдар бакчаларынын максаттуу пайдаланылышына талдоо жүргузүү жана максатсыз пайдаланылып жаткан балдар бакчаларын муниципалдык менчикке кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аркылуу Ош шаарынын аймагында жайгашкан жогорку жана атайын орто билим берүү мекемелеринин жетекчилерин милдеттендирүү менен, аларга өткөрүлүп берилген балдар бакчаларынын максаттуу пайдаланылышына жетишүүнү камсыздоо тапшырылсын.
3. Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Р.Кулов) жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Ч.Абдиев).
4. Токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянына (Б.Усөнов) жүктөлсүн.
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы
С.С. Назылбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (1)
- Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөЗакон · 20.10.2021 · № 123
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 1995-жылдын 16-февралындагы ПУ № 37 "Социалдык инфраструктура объекттерин мындан ары пайдалануунун шарттарын камсыз кылуу боюнча…Указ · 16.02.1995 · № 37
- Указ Президента РК от 12 февраля 1992 года №УП-48 "О содержании детей в детских дошкольных учреждениях РК"Указ · 12.02.1992 · № 48
- Ош шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-майындагы № 4 "Ош шаардык кеңеш инин Регламентин бекитγγ жѳнγндѳ" токтомуПостановление · 30.05.2016 · № 4 · Күчүн жоготкон