Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 июля 2025 года № 183
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
1) мамлекеттик колдоо - МЖӨ долбоорлорун ишке ашыруунун жагымдуу жана өз ара пайдалуу шарттарын түзүүгө жана МЖӨ жөнүндө макулдашуулар боюнча мамлекеттик өнөктөштөрдүн милдеттенмелерин аткарууну камсыз кылууга багытталган мамлекеттик финансылык колдоо, мамлекеттик экономикалык колдоо;
2) кызыкдар жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн жеке ишкер, юридикалык жак, конкурска катышууга жана/же МЖӨ долбоорун демилгелөөгө кызыкдар консорциум;
3) конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгуучу, бекитүүчү жана төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын (максаттары жана милдеттери, инвестициялардын болжолдуу суммасы жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү);
б) конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
в) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
г) жеке өнөктөштү баалоо жана тандоо критерийлерин;
д) квалификациялык тандоого катышууга билдирмелерди берүү мөөнөтүн;
е) конкурстун катышуучуларына жана/же МЖӨ долбооруна талаптарды белгилөөчү башка маалыматты;
4) конкурска катышуу үчүн сунуштардын суроо-талабы - конкурсту уюштуруу боюнча ыйгарым укуктуу орган иштеп чыгуучу жана бекитүүчү, конкурстун катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарына талаптарды камтуучу документ;
5) инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр - социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде инфратүзүмдүк объектти пайдалануу менен берилүүчү жана/же инфратүзүмдүк объектти тейлөө боюнча жумуштар жана/же кызмат көрсөтүүлөр;
6) инфратүзүмдүк объект - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган, социалдык, экономикалык же өндүрүштүк багыттагы мүлк же мүлктүк комплекс;
7) МЖӨ чакан долбоорлору - болжонгон инвестициялардын суммасы 100 млн. сомго барабар же андан аз сумманы түзгөн МЖӨ долбоорлору;
8) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптар - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык, эксплуатациялык, коммерциялык же башка мүнөздөгү минималдуу милдеттүү талаптар;
9) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунуш - төмөнкүлөрдү камтыган документ:
а) МЖӨ долбоорунун сыпаттамасын;
б) МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун максаттарын жана милдеттерин;
в) МЖӨ объектине карата МЖӨ колдонуунун максатка ылайыктуулугунун негиздемесин;
г) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүн;
д) МЖӨ долбооруна карата минималдуу талаптарды;
е) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтүн;
ж) финансы-экономикалык жана юридикалык талдоону;
з) мамлекеттик финансылык жана/же мамлекеттик экономикалык колдоо көрсөтүүнүн түрлөрүн жана шарттарын;
10) жеке демилге жөнүндө сунуш - төмөнкүлөр камтылган документ:
а) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу жөнүндө сунушка киргизилүүсү тийиш болгон маалымат;
б) жеке демилге жөнүндө сунуш менен кайрылган кызыкдар жактын инфратүзүмдүк объекттер же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы бар экенин ырастоочу документ;
в) болжолдонгон инвестициялардын өлчөмү жана болжолдонгон инвестициялардын өлчөмүнөн 5 пайыздан кем эмес өлчөмдө салууну кепилдеген финансылык каражаттардын бар экенин ырастоочу документ;
г) МЖӨ жөнүндө макулдашуунун негизги шарттары;
11) МЖӨ долбоору - МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча МЖӨ жөнүндө макулдашуу менен жөнгө салынган мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн өз ара мамилелеринин комплекси;
12) "долбоордук кум коргон" режими - кызыкдар жак тарабынан киргизилген МЖӨ долбоорлорун сынактык ишке ашыруу тартибин жөндөөчү атайын жөнгө салуучу режим;
13) МЖӨ жөнүндө макулдашуу - мамлекеттик жана жеке өнөктөштүн ортосундагы тараптардын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчилигин жана ушул Мыйзамга ылайык МЖӨ долбоорун ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу жазуу жүзүндөгү келишим;
14) конкурстук сунуш - конкурстун катышуучуларынын техникалык жана финансылык сунуштарын камтыган документтердин топтому;
15) конкурстук документтер - конкурска катышуу үчүн квалификациялардын суроо-талабы жана сунуштардын суроо-талабы жана МЖӨ жөнүндө макулдашуунун долбоору;
16) техникалык-экономикалык негиздеме - техникалык, экономикалык, юридикалык, экологиялык, финансылык баалоонун, өзөктүү тобокелдиктерди, долбоордун жашоо жөндөмдүүлүгүн баалоонун жыйындысы, ошондой эле МЖӨ долбоору формасында ишке ашыруунун негиздемеси;
17) конкурстун катышуучусу - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, конкурска катышкан консорциум;
18) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 июля 2025 года № 183 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам государственно-частного партнерства"Редакцияларды салыштыруу
31.07.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…бекитүүчү жана төмөнкүлөрдү камтуучу документ:
а) МЖӨ долбоорунун алынып салынды: сыпаттамасын;
кошулду: сыпаттамасын (максаттары жана милдеттери, инвестициялардын болжолдуу суммасы жана МЖӨ долбоорун ишке ашыруу мөөнөтү);
б) конкурстун катышуучуларына карата квалификациялык талаптарды;
в) … ылайык катталган жеке ишкер, юридикалык жак, конкурска катышкан алынып салынды: консорциум.кошулду: консорциум;
18) МЖӨ долбоорлорун координациялоо боюнча ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасында МЖӨ механизмдерин өнүктүрүү жана МЖӨ долбоорлорун илгерилетүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик мекеме.
(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 183 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (12)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-февралындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу"…Постановление · 18.02.2025 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Министелер Кабинетинин 2025-жылдын 16-июлундагы № 421 "Бишкек - Ош автомобиль жолунда "долбоордук кум коргон" принциби боюнча альтернативдүү тоннелди куруу…Постановление · 16.07.2025 · № 421
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы № 574 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында “Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” паркын модернизациялоо жана…Постановление · 09.09.2025 · № 574
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-декабрындагы № 763 "Бишкек шаарында “долбоордук кум коргон” режиминде акы төлөнүүчү чыгыш айланма жолун куруу жана…Постановление · 01.12.2025 · № 763
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 19-декабрындагы № 346 "Кыргыз Республикасынын Ош…Постановление · 16.01.2024 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-июнундагы № 314 "Ош шаарында катуу тиричилик калдыктарын сорттоо боюнча станцияны түзүү жана эксплуатациялоо"…Постановление · 13.06.2024 · № 314
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-августундагы № 523 "Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык…Постановление · 27.08.2024 · № 523
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 587 "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо…Постановление · 27.09.2024 · № 587
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-ноябрындагы № 700 "Виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу…Постановление · 19.11.2024 · № 700
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 494 "Бишкек шаарында "долбоордук кумкоргон" режиминде акы төлөнүүчү батыш айланма жолун куруу жана тейлөө…Постановление · 17.07.2026 · № 494
- КР Министрлер Кабинетинин 27.09.2024 №587 токтомуПостановление · 27.09.2024 · № 587
- КР Министрлер Кабинетинин 18.02.2025-ж. № 78 токтомуПостановление · 18.02.2025 · № 78
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112275/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>