Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Бишкек шаарында „долбоордук кумкоргон“ режиминде акы төлөнүүчү батыш айланма жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 17-июлу № 494
Бишкек шаарында «долбоордук кумкоргон» режиминде акы төлөнүүчү батыш айланма жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө
«Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаарында «долбоордук кум коргон» режиминде акы төлөнүүчү батыш айланма жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун (мындан ары – МЖӨ долбоору) ишке ашыруу жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөштөр болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:
1) МЖӨ долбоорун ишке ашыруу үчүн жалпы аянты 198 га болгон ылайыктуу жер тилкелерин издеп тапсын, зарыл болгон учурда көрсөтүлгөн жер тилкелерин которууну (трансформациялоону) жүргүзсүн;
2) ушул пункттан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги белгиленген тартипте төмөнкүлөргө көмөк көрсөтсүн:
1) долбоорлонуучу автомобиль жолунун тиешелүү участокторунда жана карьерлерде тарыхый-маданий мурас объекттеринин бар же жок экендигин аныктоо үчүн археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, ошондой эле көрсөтүлгөн изилдөөлөрдүн натыйжасы боюнча оң корутунду алууга;
2) МЖӨ долбоорун ишке ашырууда зарыл болгон жол-жоболорду жүргүзүүгө;
3) долбоордук жолдун курулушун инерттик материалдар менен камсыз кылуу үчүн карьерлерди бөлүп берүүгө;
4) ушул пункттан келип чыгуучу башка чараларды жүзөгө ашырууга.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы | | А.А. Касымалиев |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98