4-берене. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (мындан ары - МЖӨ) - бул инфратүзүмдүк объекттерди жана/же инфратүзүмдүк кызмат көрсөтүүлөрдү түзүү жана/же модернизациялоо, эксплуатациялоо жана күтүү боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык. МЖӨ чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык акционердик коомдор менен биргеликте, ал эми чакан долбоорлор боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, муниципалдык ишканалар жана мекемелер, тиешелүү иш чөйрөсүндө добуш берүүчү акцияларынын 50 жана андан көп пайызы мамлекетке таандык болгон акционердик коомдор менен биргеликте мамлекеттик өнөктөш болууга укуктуу. Юридикалык жактар жана жеке ишкерлер жеке өнөктөш болууга укуктуу.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112275/st-4" title="4-берене - Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>