КР Министрлер Кабинетинин 27.09.2024 №587 токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Ага шилтеме берүүдөн мурун булакты текшериңиз.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн инновациялык долбоорун ишке ашыруу жана отунду маркалоо операторун аныктоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 “Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 18-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 345-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “Кыргыз Республикасында отунду милдеттүү маркалоону киргизүү” мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун “долбоордук кум коргон” режиминде ишке ашыруу жактырылсын.
2. “Учкун” ачык акционердик коому Кыргыз Республикасында отунду милдеттүү маркалоону киргизүү боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу боюнча мамлекеттик өнөктөш болуп аныкталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик “Учкун” ачык акционердик коому менен биргеликте кызыкдар тарап болгон “НАНОЛУМИ Пте.Лтд.” менен “долбоордук кумкоргон” режиминде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол койсун.
4. “Учкун” ачык акционердик коому отунду маркалоо оператору болуп аныкталсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
Төрагасы А.У. Жапаров
Тиркемелер
Басып чыгаруу
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 361 "Отунду маркалоону киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.07.2024 · № 361
- Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндөЗакон · 11.08.2021 · № 98
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексиКодекс · 18.01.2022 · № 3