89-берене
Күчүндө · 05.05.2021 редакциясы
1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент жүзөгө ашырат.
2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Президенттин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.
3. Президент конституциялык мыйзамдын негизинде аткаруу бийлигинин ишин жетектейт, Министрлер Кабинетине жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.
4. Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.
5. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.
6. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчёт Жогорку Кеңеш тарабынан канааттандырарлык эмес деп табылса, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.
Берененин тексти 05.05.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
89-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-октябрындагы ПЖ № 352 "Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдары үчүн окуу материалдарын даярдоо маселелери жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.10.2022 · № 352
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 1-октябрындагы № 338 (2026-жылдын 5-октябрындагы Бишкек шаарындагы иш тартиби жөнүндө) тескемесиРаспоряжение · 01.10.2026 · № 338
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 22-майындагы № 273 ("Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө' Кыргыз Республикасынын…Распоряжение · 22.05.2024 · № 273
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуПостановление · 04.10.2011 · № 611 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 25 сентября 1998 года N 622 "О первоначальном докладе Кыргызской Республики о выполнении Конвенции против пыток и других жестоких, бесчеловечных…Постановление · 25.09.1998 · № 622 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112213/st-89" title="89-берене - Кыргыз Республикасынын Конституциясы (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>