Кыргыз Республикасынын Президентинин (Бишкек шаарындагы иш тартиби жөнүндө) тескемеси
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ТЕСКЕМЕСИ 2026-жылдын 1-октябры № 338
Бишкек шаарында транспорт инфраструктурасынын жүгүн азайтууну камсыз кылуу, маданий-массалык иш-чараларды өткөрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, ошондой эле Дүйнөлүк мугалимдер күнүн майрамдоого жана «Бишкек Арена» улуттук стадионунун салтанаттуу ачылышына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71, 89-беренелерине ылайык:
1. 2026-жылдын 5-октябры Бишкек шаарында мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин (ишканалардын) кызматкерлери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, башталгыч, негизги жана орто жалпы билим берүү (жалпы билим берүүчү мектептер), башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын кызматкерлери үчүн орточо күндүк эмгек акыны сактап, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларын (онлайн-форматты) колдонуу менен аралыктан иштөөчү жумуш күнү деп эсептелсин.
2. Бул тескеменин 1-пункту мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын, медициналык уюмдардын жана объекттердин, ошондой эле шаардын коммуналдык инфраструктурасынын үзгүлтүксүз иштешин жана жашоо-тиричилигин камсыз кылуучу уюмдардын жана ишканалардын кызматкерлерине жайылтылбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ушул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
| Кыргыз Республикасынын Президенти | | С.Н. Жапаров |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021