Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2020-жылдын 3-апрели № 34 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
2020-жылдын 1-апрелинде
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 243-беренеде "II категориядагы" деген сөздөр "III категориядагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 280-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу
1. Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыянга алып келген, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап же этиятсыз бузуу, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектендүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде жасалган, адамдардын массалык дартка чалдыгуусу жана уулануусу коркунучун келтирүү менен коштолгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап бузуу, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. ";
3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"32. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".
2-берене Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1191-берене менен толукталсын:
"1191-берене. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу
1. Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу -
I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы эркиндигин чектөөгө же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.
2. Өзгөчө же аскердик абалдын талаптарын бузуу (коменданттык саатты бузууну кошпогондо) -
II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы эркиндигин чектөөгө, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1271-берене менен толукталсын:
"1271-берене. Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу
1. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
2. Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -
II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".
3-берене Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 34-берене төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү. Ушул Кодексте коомдук кырсык деп адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал таанылат.";
2) 11-главага эскертүүнүн 1-бөлүгүндө "49, 50" деген цифралар "49 - 50" деген цифраларга алмаштырылсын;
3) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 491-берене менен толукталсын:
"491-берене. Дары-дармек каражаттарын жүгүртүү жөнүндө мыйзамдарды бузуу Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режиминин мезгилинде дарыларды жогорулатылган баалар боюнча сатуу - 5-категориядагы айып пул салууга алып келет.";
4) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 821 жана 822-беренелер менен толукталсын:
"821-берене. Коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо Өзгөчө же согуштук абал мезгилинде киргизилген коменданттык сааттын убагында атайын берилген өткөрмөлөрсүз жана инсандыгын ырастаган документтерсиз көчөлөрдө жана башка коомдук жерлерде же болбосо турак жайдан тышкары жүрүү, - 2- категориядагы айып пул салууга алып келет.
822-берене. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал шарттарында укук тартибин бузуу Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал жарыяланган аймактарда укук тартибин бузууга багытталган аракеттер, же болбосо анык эмес маалыматтарды жайылтуу жолу менен жасалган коомдук тартипти жана жеке адамдардын тынчтыгын бузган аракеттер, - 3- категориядагы айып пул салууга алып келет. ";
5) 218-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"218-берене. Бааларды негизсиз жогорулатуу
1. Товарды сатууда таңгагында же товарга чапталган ярлыгында көрсөтүлгөн баалардын өлчөмдөрүн жогорулатуу –
1-категориядагы айып пул салууга алып келет.
2. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режиминин шарттарында бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген тамак-аш азыктарына баалардын өлчөмдөрүн негизсиз жогорулатуу, -
5-категориядагы айып пул салууга алып келет.".
4-берене Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 32(3104) жарыяланды Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-сентябрындагы № 3260-VI "VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-2020-жылдарга ишинин сессиялык планын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.09.2019 · № 3260-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 9-октябрындагы № 3270-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 9-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 09.10.2019 · № 3270-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3661-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар…Постановление · 01.04.2020 · № 3661-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 10-октябрындагы № 3276-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын…Постановление · 10.10.2019 · № 3276-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 1-апрелиндеги № 3662-VI "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар…Постановление · 01.04.2020 · № 3662-VI
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жоруктан жөнүндө кодексиКодекс · 01.02.2017 · № 18 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон