1-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 243-беренеде "II категориядагы" деген сөздөр "III категориядагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 280-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"280-берене. Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу
1. Этиятсыздыктан массалык дартка чалдыгууга, адамдардын уулануусуна же башка оор зыянга алып келген, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап же этиятсыз бузуу, -
VI категориядагы айып салууга же эки жылга чейинки мөөнөткө белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектендүү укугунан ажыратуу менен II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же согуштук абал режимин киргизүү мезгилинде жасалган, адамдардын массалык дартка чалдыгуусу жана уулануусу коркунучун келтирүү менен коштолгон санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди атайьшап бузуу, -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. ";
3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 32-пункт менен толукталсын:
"32. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112024/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>