2-берене
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 78-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1191-берене менен толукталсын:
"1191-берене. Өзгөчө кырдаал, өзгөчө же аскердик абал режиминин талаптарын бузуу
1. Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу -
I категориядагы айып пул же болбосо I категориядагы эркиндигин чектөөгө же болбосо I категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.
2. Өзгөчө же аскердик абалдын талаптарын бузуу (коменданттык саатты бузууну кошпогондо) -
II категориядагы айып пул же болбосо II категориядагы эркиндигин чектөөгө, же болбосо II категориядагы коомдук жумуштарга тартуу түрүндөгү жазага алып келет.";
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 1271-берене менен толукталсын:
"1271-берене. Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу
1. Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -
I категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.
2. Өзгөчө же аскердик абалдын шарттарында чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу -
II категориядагы айып пул түрүндөгү жазага алып келет.";
3) 1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:
"12. Коомдук кырсык - адам курмандыктарына, адамдардын ден соолугуна же курчап турган чөйрөгө зыян келтирүүгө, олуттуу материалдык жоготууларга жана адамдардын жашоо турмушунун шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн болгон же алып келген кооптуу жаратылыштык же техногендик кубулуштун, авариянын, катастрофанын, табигый, биологиялык (эпидемия, эпизоотия, эпифитотия) же башка кырсыктын, жок кылуучу заманбап каражаттардын таасиринин натыйжасында Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым бөлүктөрүндө түзүлгөн абал.".
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112024/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>