7-берене. Кызматкердин милдеттери
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 9 августа 2025 года № 195
1. Кызматкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кызматтык милдеттерди аткарууга байланышкан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана мыйзам астындагы актыларын билүүгө жана сактоого;
2) кызматтык милдеттерин аткарууда жарандардын, коомдук бирикмелердин жана уюмдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого;
3) кызматтык милдеттерин билүүгө жана аткарууга, ыйгарым укуктуу жетекчилердин буйруктарын жана тескемелерин аткарууга. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ачык каршы келген буйрук же көрсөтмө алган учурда кызматкер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларын жетекчиликке алууга милдеттүү;
4) кызматтык ыйгарым укуктарын кыянат пайдаланууга жол бербөөгө, укук коргоо органдарындагы кызматка байланышкан, мыйзамдарда белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды карманууга, ошондой эле кызматтык этиканын талаптарын сактоого;
5) кызматтык маселелер боюнча - өзүнүн тикелей жетекчисине (башчысына), ал эми зарыл болгон учурда тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүү менен жогору турган жетекчиликке кайрылууга;
6) укук коргоо органынын кызматтык ички тартибинин эрежелерин сактоого;
7) окуялар, убактылуу эмгекке жарамсыздык жөнүндө жана кызматкердин өз кызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу башка жагдайлар тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө билдирүүгө;
8) кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткаруу үчүн кесиптик жана дене-бойлук даярдыгынын зарыл деңгээлин кармап турууга жана өркүндөтүүгө жана белгиленген тартипте квалификациясын жогорулатуудан, кайра даярдоодон, кесиптик окуудан өтүүгө жана (же) кошумча кесиптик билим алууга;
9) мамлекеттик сырды жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзгөн маалыматтарды, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага маалым болгон, анын ичинде жарандардын жеке жашоосуна тийиштүү болгон же алардын кадыр-баркына жана беделине шек келтирген маалыматтарды жайылтпоого;
10) мамлекеттик мүлктү сактоого;
11) кирешени жана мүлктү декларациялоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттемелери тууралуу маалыматтарды берүүгө;
12) чет мамлекеттин жарандыгын алууга же чет мамлекетте жашоо укугун алууга документтерди тапшыргандыгы жөнүндө, Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу тууралуу арыз бергендиги жөнүндө арыз берген күнү тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө;
13) кызматтык милдеттерин аткарууда кызыкчылыктардын кагылышуу мүмкүндүгү же келип чыгуусу тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) билдирүүгө жана мындай кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо боюнча чараларды көрүүгө;
14) аны же башка кызматкерлерди мыйзамдуулукту бузууга тарткан ар бир учур же болбосо мыйзам бузууну жасоо фактылары тууралуу тикелей жетекчисине (башчысына) токтоосуз билдирүүгө;
141) Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталган кылмыш иштери боюнча ал күбө, шектүү же айыпталуучу катары өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө жана сотторуна чакыруунун бардык фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу жетекчиге (башчыга) токтоосуз билдирүүгө;
15) дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча укук коргоо органында кызмат өтөө талаптарына ылайык келүүгө жана дене-бойлук даярдыгынын деңгээли боюнча мезгилдүү текшерүүдөн өтүп турууга;
16) укук коргоо органында ээлеп турган кызмат ордуна карата талаптарга ылайык кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонуу менен байланышкан шарттардагы аракеттерге атайын даярдыктан жана буга кесиптик жарамдуулугун мезгилдүү текшерүүдөн өтүүгө;
17) жыл сайын медициналык алдын ала кароодон өтүүгө. Ыйгарым укуктуу жетекчинин жолдомосу боюнча мас болуу (алкоголдук, баңгилик же башка токсиндик мас болуу) абалына карата медициналык күбөлөндүрүүдөн (текшерүүдөн) өтүүгө;
18) кызматтык милдеттеринин чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын белгиленген тартипте кароого;
19) ээлеп турган кызмат ордунун алкагында каралбаган милдеттерди ушул Мыйзамда белгиленген тартипте, укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими боюнча убактылуу аткарууга;
20) кесиптик кызматтык ишин коргоонун (эмгекти коргоонун) талаптарын билүүгө жана сактоого;
21) мамлекеттик жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана сактоого;
22) мамлекеттик тилди билүүгө.
2. Кызматкердин ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттери укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен аныкталат.
(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралында № 31 , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 9 августа 2025 года № 195 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам применения государственного языка"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 16 февраля 2023 года № 31 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О прохождении службы в правоохранительных органах Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
09.08.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жарандык кызматчынын кызматтык этикасынын талаптарын билүүгө жана алынып салынды: сактоого.
кошулду: сактоого;
22) мамлекеттик тилди билүүгө.
2. Кызматкердин ээлеп турган кызмат орду боюнча милдеттери укук коргоо органынын жетекчисинин же ыйгарым укуктуу жетекчинин чечими менен аныкталат.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 16-февралында № 31 алынып салынды: Мыйзамынын редакциясына кошулду: , 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>