Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 „Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 9-августу № 400
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Укук коргоо органдарынын тартиптик уставында:
- 2-пунктта "укук коргоо органдарынын ведомстволук актылары менен бекитилген кесиптик этика" деген сөздөр "мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын этикасы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттун 2-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) тартиптик жорук - эгерде жасалган иш укук бузуунун же кылмыштын курамын түзбөсө, кызматкер тарабынан кызматтык тартиптин бузулушу, ага тете "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген, кызматкердин укук коргоо органында кызматта болуусу менен байланышкан чектөөлөрдү жана тыюу салууларды сактабоосу;";
- 5-пункттун "л" пунктчасында "кесиптик" деген сөз "кызматтык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 52-пунктта "бузуу, жорук" деген сөздөр "укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 54-пункттун "д", "е" пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"д) атайын наамын бир тепкичке төмөндөтүү;
е) ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотуу;";
- 66-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"66. Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарын сактоо маселелери боюнча укук коргоо органынын тергөө бөлүктөрүнүн тергөөчүлөрүнө, жетекчилерине карата кызматтык териштирүүнү (текшерүүнү) укук коргоо органынын тергөө бөлүгүнүн ыйгарым укуктуу кызматкери гана жүргүзөт.";
- 67-пункттагы ", жоруктун" деген сөздөр алып салынсын;
- 92-пункттагы "же жорук жөнүндө иш" деген сөздөр алып салынсын;
- 105-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"105. Ачыктык чараларын колдонуу жана коомдук талкууга коюу, кызматтык тартипти, жалпы адамзаттык жана кесиптик жактан маанилүү адептик, этикалык жана жүрүм-турумдун башка жалпы кабыл алынган принциптерин жана ченемдерин бузуучуларга карата укук коргоо органында (бөлүктө) келишпес мамилени түзүү максатында кызматкердин тартиптик жоруктары тартип бузуучулардын иштеген жериндеги кызматтык этика боюнча комиссиянын жыйналыштарында каралышы мүмкүн.";
- 106-пунктта:
"абийир сотунун жалпы жыйынында же кесиптик этика боюнча комиссиянын жыйынында" деген сөздөр "кызматтык этика боюнча комиссиянын жыйындарында" деген сөздөргө алмаштырылсын; "Абийир сотунун же кесиптик этика боюнча комиссиянын" деген сөздөр "Кызматтык этика боюнча комиссиянын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 112-пункттагы "же жорук жөнүндө иш" деген сөздөр алып салынсын;
- 114-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"114. Кол алдындагы кызматкер өргүүдө, иш сапарда, дарыланууда жана окууда, кызматтан тышкаркы убакта жана кызматтык ишине жана кызматтык кызыкчылыктарына байланышпаган тартиптик жоруктарды, кызматтык тартипти бузууга жана кылмыштарды жасагандыгы үчүн башчы (командир), укук коргоо органынын жетекчиси жоопкерчилик тартпайт.";
- 115-пунктта "жоруктун," деген сөздөр алып салынсын;
- жогоруда аталган уставдын 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган уставдын 4-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.У.Жапаров
Тиркеме
"Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставына 3-тиркеме
Кол алдындагы кызматкерлерге карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын бажы кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилеринин (башчыларынын) жана тийиштүү тартиптик укуктардын ТИЗМЕГИ
№
Кызмат орду
Чараларды колдонуу боюнча тартиптик укуктар
сыйлоо
тартиптик жоопкерчилик
1
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын бардык кызматкерлерине карата Тартиптик уставдын тартиптик укуктарынан толук пайдаланат. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматындагы дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылган административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ээлеген кызмат орундарынан бошотуу түрүндөгү тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуш киргизет
2
Бардык деңгээлдеги башка жетекчилер (башчылар)
Сыйлоо жөнүндө өтүнүч
Тартиптик жаза берүү жөнүндө сунуш киргизүү
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 токтомуна)Дисциплинарный устав · 03.02.2020 · № 52
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 52 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын тартиптик уставын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 52
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндөЗакон · 25.07.2019 · № 102
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 127
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдыкКодекс · 28.10.2021 · № 129
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126