8-берене. Укук коргоо органдарында кызмат өтөө менен байланышкан чектөөлөр жана тыюу салуулар
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кызматкерге төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) кызматтык абалын жеке кызыкчылыктарында пайдаланууга;
2) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу жеке жана юридикалык жактардын кызмат көрсөтүүлөрүн өзүнүн жеке максаттарына пайдаланууга;
3) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен юридикалык жана жеке жактарга кызматтык милдеттеринде каралбаган кайсы болбосун көмөк көрсөтүүгө жана ал үчүн кайсы болбосун формада сый акы алууга;
4) мамлекеттик мүлктү, финансылык каражатты жана кызматтык маалыматтарды кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;
5) эксперттик, илимий, окутуучулук, дене тарбиялык-спорттук же чыгармачылык иштерди кошпогондо, ишкердик менен алектенүүгө, айкалыштырып иштөө боюнча кайсы болбосун акы төлөнүүчү иштерди аткарууга;
6) ыкчам-издөө иштерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, өз алдынча же өкүлү аркылуу чарбакер субъекттерди башкарууга катышууга;
7) чет элдик компаниялардын жана шериктештиктердин уставдык капиталдарындагы баалуу кагаздарды, акцияларды жана үлүштөрдү сатып алууга;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктабаган банктарда банктык эсептерди ачууга;
9) укук коргоо органдарындагы кызматта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин же жергиликтүү кеңештин депутатынын милдеттерин аткаруу менен айкалыштырууга;
10) өзү кызмат өтөп жаткан укук коргоо органында үчүнчү жактын иштери боюнча өкүл же ишенимдүү адам болууга;
11) саясий партиялардын же саясий же диний мүнөздөгү максаттарды көздөгөн коомдук бирикмелердин мүчөсү болууга, өзүнүн кызматтык абалын алардын кызыкчылыгында пайдаланууга жана аларды колдоп чыгууга;
12) иш таштоолорду, митингдерди жана тынч жыйындарга жалпы жарандык укуктарды билдирүүнүн башка формаларын кошуп алганда, мамлекеттик органдардын нормалдуу иштөөсүнө жана алардын кызматкерлеринин өз кызматтык милдеттерин аткаруусуна тоскоолдук кылган аракеттерди уюштурууга же катышууга.
2. Кызматкер Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген тартипте укук коргоо органдарына кызматка кирген учурдан тартып бир айдын ичинде өзүнүн жеке менчигиндеги баалуу кагаздарын (акциялар, уставдык капиталдагы катышуу үлүштөрү, облигациялар, пайлар) жана пайдаланылышы киреше алууга алып келе турган башка мүлктөрүн, ошондой эле мүлктүк жалдоого берилген мүлкүн кызмат өтөө мезгилине ишенимдик башкарууга өткөрүп берүүгө милдеттүү.
3. Кызматкерге Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында жана башка мыйзамдарында белгиленген башка чектөөлөр жана тыюу салуулар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүгүндө жайылтылат.
4. Ушул берененин жоболору бузулган учурда кызматкер Укук коргоо органынын тартиптик уставына ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 24-б "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө"жөнүндө" буйрукуРаспоряжение · 03.02.2020 · № 24-р
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 24 буйругуРаспоряжение · 03.02.2020 · № 24
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>