6-берене. Кызматкердин укуктары
Күчүндө · 11.06.2026 редакциясы · 2-глава
1. Кызматкер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүн жана саламаттыгын, ошондой эле ага таандык мүлктү мамлекет тарабынан коргоого;
2) мамлекеттик пенсиялык камсыздоого;
3) медициналык камсыздоого;
4) өзүн жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн турак жай менен камсыздалышына;
5) эс алууга;
6) акчалай күтүм алууга;
7) жеке маалыматтарынын корголушуна;
8) анын кызматтык ишинин натыйжаларын, кызмат стажын, квалификациясынын деңгээлин жана кесиптик билимин эске алуу менен укук коргоо органдарында кызмат боюнча көтөрүлүүгө;
9) билим, кошумча кесиптик билим алууга, кесиптик даярдыгын, квалификациясын жана кайра даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле дене-бойлук даярдыгын өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө;
10) анын демилгеси боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүгө;
11) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн, ошондой эле укук коргоо органдарында кызмат өтөөгө байланышкан талаштарды чечүү үчүн баш ийүүчүлүк тартипте жогору турган кызмат адамдарына, жогору турган органдарга же сотко кайрылууга;
12) укук коргоо органындагы кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, кызматтык милдеттерин аткаруу жана кесиптик өнүгүү үчүн талаптагыдай уюштуруучулук-техникалык жана санитариялык-гигиеналык шарттарга;
13) эгерде бул кызыкчылыктардын кагылышуусуна алып келбесе, кызматтык милдеттерин аткаруудан бош убакытта саясий максаттарды же диний мүнөздөгү максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерди түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
14) ээлеп турган кызмат орду боюнча укуктарын жана милдеттерин аныктоочу документтер, кызматы боюнча көтөрүлүүдө эске алына турган иш баалоо критерийлери, ошондой эле натыйжалуулуктун жеке көрсөткүчтөрү менен таанышууга;
15) кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл маалыматтарды жана материалдарды белгиленген тартипте алууга, ошондой эле укук коргоо органынын ишин өркүндөтүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
16) укук коргоо органы тарабынан аныкталган тартипте өздүк ишиндеги материалдар, ошондой эле өздүк ишине тиркелген жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр, башка документтер жана материалдар менен таанышууга;
17) куралды жана атайын каражаттарды алып жүрүүгө жана сактоого;
18) кара күчтү, атайын каражаттарды, куралды, курал-жарактарды жана согуштук техниканы колдонууга;
19) өз каалоосу менен укук коргоо органдарынан бошоп кетүүгө;
20) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген учурларда жетекчинин оозеки буйругун жазуу жүзүндө ырастоосун талап кылууга;
21) мыйзамдарда белгиленген тартипте өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укук ченемсиз аракеттерине даттанууга.
2. Кызматкерлердин укуктары Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында да бекемделиши мүмкүн.
Берененин тексти 11.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөөнү уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 51
- Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 31.12.2024 · № 209
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-августундагы № 399 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 51 "Кыргыз Республикасынын укук…Постановление · 09.08.2023 · № 399
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111956/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>