1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 95-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган;";
б) экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
2) 96-берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:
"2-1. Иши ишкердик ишке кирген жана/же ошондой деп таанылган жеке жактар ушул Кодекстин 21-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ишкердик иш деп таанылган ишти жүзөгө ашырган айдан кийинки айдын аягынан кечиктирбестен салык органына салыктык каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.";
3) 167-берененин 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринин окуучуларына жана студенттерине төлөнүүчү стипендиялар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары тарабынан төлөнүүчү стипендиялар;".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111839/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>