Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 16 декабря 2022 года № 687 "О мерах по реализации требований статьи 107 Налогового кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2019-05-31.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2019-жылдын 31-майы № 258 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 10-декабрындагы № 99 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 2-беренесинин талаптарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-апрелиндеги № 228 "Бирдиктүү салык декларациясынын формаларын жана аларды толтуруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-100) формасында:
- "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-100-002) 2-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзбөгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-100) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 67-пунктундагы "стипендия," деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 85-1-пункт менен толукталсын:
"85-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.";
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-102) формасында:
- "Жеке адамдын салык салынбаган кирешелери жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-102-003) 3-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ишкердик иш жүргүзгөн жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-102) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 136-пунктунун экинчи абзацындагы "стипендиялар," деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 152-1-пункт менен толукталсын:
"152-1. 368-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.";
5) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясынын (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103) формасында:
- "Салык салынбаган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-103-003) 1-тиркемеси ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
6) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык салынуучу кирешеси жок жеке адамдын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-103) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 43-пунктундагы "стипендиялар," деген сөз жана "стипендия," деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 58-1-пункт менен толукталсын:
"58-1. 168-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясынын (FORM STI-155) формасында:
- "Салык салынбай турган кирешелер жана төлөм булактарында салык салынган кирешелер" (FORM STI-155-002) 2-тиркемеси ушул токтомдун 4-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган же ээлеген жеке жактын бирдиктүү салык декларациясын (FORM STI-155) толтуруу жана берүү тартибинде:
- 85-пунктундагы "стипендия," деген сөз алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 103-1-пункт менен толукталсын:
"103-1. 271-уячада Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелеринен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынан алынган стипендиялар көрсөтүлөт.".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М. Абылгазиев
1-тиркеме
"FORM STI-100-002 "САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР" 2-ТИРКЕМЕ Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
2-тиркеме
"FORM STI-102-003 "ЖЕКЕ АДАМДЫН САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕРИ ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР" 3-ТИРКЕМЕ Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
3-тиркеме
"FORM STI-103-001 "САЛЫК САЛЫНБАГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР" 1-ТИРКЕМЕ Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
4-тиркеме
"FORM STI-155-002 "САЛЫК САЛЫНБАЙ ТУРГАН КИРЕШЕЛЕР ЖАНА ТӨЛӨМ БУЛАКТАРЫНДА САЛЫК САЛЫНГАН КИРЕШЕЛЕР" 2-ТИРКЕМЕ Графикалык көчүрмөнү караңыз.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар…Постановление · 16.12.2022 · № 687
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 45 "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын…Постановление · 22.01.2018 · № 45 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 30 апреля 2016 года № 228 "Об утверждении форм Единой налоговой декларации и порядка их заполнения"Постановление · 30.04.2016 · № 228 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 10.12.2018 · № 99 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндөЗакон · 02.08.2017 · № 164 · Күчүн жоготкон