19-берене. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
1. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу жана бул органдардын ортосунда маалымат алышууну камсыз кылуу максатында, ошондой эле мыйзамдарда көрсөтүлгөн башка максаттарда түзүлөт.
2. Эгерде жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, мамлекеттик маалыматтык тутумдарга карата ушул Мыйзамда белгиленген талаптар муниципалдык маалыматтык тутумдарга да таркалат.
3. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен түзүлөт жана иштетилет.
4. Мамлекеттик маалыматтык тутумдар жеке жактар, уюмдар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берген маалыматтардын негизинде түзүлөт жана иштетилет. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарга милдеттүү түрдө маалымат берүү учурлары мыйзамда белгиленет.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик маалыматтык тутумдарды түзүү, өнүктүрүү, ишке киргизүү, иштетүү, иштетүүдөн чыгаруу тартибине карата талаптарды, ошондой эле алардын маалыматтар базасында камтылган маалыматтарды коргоого карата талаптарды бекитет.
6. Мамлекеттик маалыматтык тутумдарды алардын интеллектуалдык менчик объекттери болуп саналган компоненттерин пайдаланууга укуктарды талаптагыдай жол-жоболобостон иштетүүгө тыюу салынат.
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
- 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 "Мамлекеттик маалыматтык системалар менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 744
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 28-декабрындагы ПТ № 232 (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик…Распоряжение · 28.11.2023 · № 232
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-декабрындагы № 744 токтомуПостановление · 31.12.2019 · № 744
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 762 токтомуПостановление · 21.11.2017 · № 762
Беренеде аталган актылар (1)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-19" title="19-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>