18-берене. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамы
Күчүн жоготкон · 31.07.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 июля 2025 года № 179.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 27 января 2025 года № 28
1. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана уюмдар тарабынан электрондук башкарууда пайдаланылуучу маалыматтык технологиялардын жана техникалык каражаттардын иретке салынган жыйындысы болуп саналат.
2. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү төмөнкүдөй деңгээлдерде түзүлөт:
1) маалыматтарды иштеп чыгуучу мамлекеттик борборлордон жана аларды бириктирүүчү байланыш каналдарынан түзүлүүчү инфратүзүмдүк деңгээл;
2) электрондук эсептегич машиналар үчүн программалардан жана электрондук башкарууда колдонулуучу маалыматтар базаларынан түзүлүүчү тиркемелер деңгээли;
3) электрондук башкарууда сакталуучу, алынуучу, таратылуучу же башка түрдө иштелүүчү маалыматтан жана электрондук документтерден турган маалыматтар деңгээли;
4) алкагында инфратүзүм, программалык камсыздоо, маалыматтар мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү, мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды аткаруу, мыйзам менен тыюу салынбаган, электрондук башкаруунун алкагындагы башка ишти жүзөгө ашыруу үчүн колдонулуучу сервистер деңгээли.
3. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына төмөндөгүлөр кирет:
1) электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы;
2) ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму;
3) идентификациянын бирдиктүү тутуму;
4) маалыматтарды иштеп чыгуу жана алардын байланыш каналдарын бириктирүүчү мамлекеттик борборлор;
5) электрондук кабарлардын мамлекеттик тутуму;
6) электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик тутуму;
7) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар;
8) "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү ачык маалыматтар инфратүзүмү;
9) геодезия жана картография жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлүүчү мейкиндиктик маалыматтар жана даректик регистр инфратүзүмү;
10) башка мамлекеттик маалыматтык тутумдар.
4. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн курамына маалыматтык тутумдарды, маалыматтарды иштөө борборлорун, башка элементтерди киргизүү төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:
1) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде;
2) ушул Мыйзамга ылайык ишке киргизилген элементтерге карата - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн актысынын негизинде.
5. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестри базалык мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат.
6. Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүн түзүү, өнүктүрүү жана иштетүү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
(КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 27 января 2025 года № 28 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере доступа к информации"Редакцияларды салыштыруу
27.01.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттик тутуму;
7) базалык мамлекеттик маалыматтык ресурстар;
8) алынып салынды: "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү кошулду: "Маалымат алуу укугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү ачык … Мыйзамында каралган талаптарды эске алуу менен жүзөгө ашырылат.
кошулду: (КР 2025-жылдын 27-январындагы № 28 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (3)
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмү менен байланышкан айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 661
- КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2022-жылдын 28-июнундагы № 2-д "Электрондук башкаруунун мамлекеттик инфратүзүмүнүн реестринин ишинин маселелери жөнүндө" буйругуПриказ · 28.06.2022 · № 2-д
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-декабрындагы № 661 токтомуПостановление · 05.12.2019 · № 661
Беренеде аталган актылар (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 14.04.2022 · № 27
- Маалымат алуу укугу жөнүндөЗакон · 29.12.2023 · № 217
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111634/st-18" title="18-берене - Электрондук башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>