473-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу соттун токтому
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Адам коомго кооптуу жосунду акыл-эси жайында эмес абалда жасагандыгын же аны жасагандан кийин психикалык дарт менен ооруп калганын моюнга алуу менен сот ишти кыскартуу тууралуу токтомду, ал эми зарыл учурларда - медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтомду чыгарат.
2. Адам акыл-эси жайында болуп туруп коомго кооптуу аракетти жасагандыгын, бирок андан кийин психикалык дарт менен ооруп калгандыгын аныктоо менен сот ишти ал сакайганга чейин токтото турат жана медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу маселени чечет. Адам сакайгандан кийин сот өз токтому менен ишти токтото турууну жокко чыгарат, мажбурлап дарылоону токтотот жана ишти сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү үчүн жиберет.
3. Сот адамдын аракетти жасоого катышуусу далилденген жок деп тааныган учурда, ошондой эле ушул Кодекстин 26-беренесинде каралган жагдайлар аныкталганда, сот адамдын оорусунун бар экендигине жана мүнөзүнө карабастан, өзү аныктаган негиз боюнча ишти кыскартуу жөнүндө токтом чыгарат.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча иш кыскартылганда, соттун токтомунун көчүрмөсү 3 күндүк мөөнөттө, адамды дарылоо же психоневрологиялык мекемеге жиберүү тууралуу маселени чечүү үчүн саламаттык сактоо органына жиберилет.
5. Соттун токтомунда ушул Кодекстин 347-беренесинде көрсөтүлгөн маселелер чечилет.
6. Соттун токтому апелляциялык тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
473-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-473" title="473-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>