472-берене. Иш боюнча чечимди кабыл алууда сот чечкен маселелер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу ишти соттук териштирүү процессинде төмөнкү маселелер изилдениши жана чечилиши керек:
1) Жазык кодексте же Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жосун орун алгандыгы;
2) жосунду иш каралып жаткан адам жасагандыгы;
3) жосунду акыл-эси жайында эмес абалда болгон адам жасагандыгы;
4) жосунду жасагандан кийин бул адамдын жазаны дайындоого же аткарууга мүмкүндүк бербеген психикалык дартка чалдыккандыгы;
5) адамдын катуу кармаган психикалык дартты ал үчүн же башка адамдар үчүн коркунуч келтирүүсү же ага башка олуттуу зыянды келтирүү мүмкүнчүлүгү;
6) медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралар колдонулушу керекпи жана атап айтканда кайсылар.
2. Сот ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 9, 12, 13-пункттарда көрсөтүлгөн маселелерди да чечет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
472-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-472" title="472-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>