474-берене. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү жана узартуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 55-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусуна ылайык психиатриялык жардамды көрсөткөн мекеменин администрациясынын сунуштамасы боюнча медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну кийинки алты айга токтотот, өзгөртөт же узартат.
2. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселелерди медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу тууралуу токтомду чыгарган сот карайт.
3. Иштин каралышын дайындоо тууралуу сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган адамдын мыйзамдуу өкүлүнө, медициналык мекеменин администрациясына, жактоочуга жана прокурорго кабарлайт. Сот отурумунда жактоочунун жана прокурордун катышуусу милдеттүү, башка адамдардын келбөөсү ишти карап чыгууга тоскоолдук болбойт.
4. Сот отурумунда медициналык мекеменин сунуштамасы, дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу изилденет, отурумунда катышкан адамдардын оюу угулат. Эгерде дарыгер-психиатрлар комиссиясынын корутундусу шек туудурса, сот соттук-психиатрдык экспертиза дайындайт, кошумча документтерди талап кылат, ошондой эле анын психикалык абалы боюнча мүмкүн болсо, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонууну токтотуу, өзгөртүү же узартуу тууралуу маселеси чечилип жаткан адамды суракка алат.
5. Сот мурда дайындалган чараны колдонуу зарылдыгы керексиз болгон же медициналык өзгөчөлүктөгү башка чараларды дайындоо зарылдыгы пайда болгон адамдын психикалык абалы түзүлгөн учурда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотот же өзгөртөт. Сот медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу же өзгөртүү үчүн негиздер жок болгон учурда мажбурлап дарылоону узартат.
6. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын токтотуу, өзгөртүү же узартуу жөнүндө, ошондой эле токтотуудан, өзгөртүүдөн же узартуудан баш тартуу тууралуу сот токтом чыгарат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
474-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-474" title="474-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>