Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
371-берене. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттогу соттук териштирүүнүн өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот арачыларынын катышуусу менен жүргөн соттук териштирүү ушул берененин талаптарын эске алуу менен ушул Кодекстин 314-329, 332-беренелеринде белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
2. Төрагалык кылуучу айыпталуучуга, жабырлануучуга жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларына суроо берүүгө, ошондой эле изилденген далилдерге карата өз пикирин билдирүүгө укуксуз. Иш боюнча бардык далилдер соттук териштирүүнүн жүрүшүндө түздөн-түз жана оозеки изилденет. Тергөө өндүрүшүнүн баскычында берилген процесстин катышуучуларынын көрсөтмөлөрүн жарыя кылууга ал адам өлгөн, катуу ооруп калган же Кыргыз Республикасынан сырткары чыгып кеткен же болбосо сотто көрсөтмө берүү мүмкүнчүлүгү болбой калган башка жагдайларда гана жол берилет. Соттук тергөөнүн жүрүшүндө эксперттин корутундусу талашка түшкөн учурда экспертти суракка алуу милдеттүү тартипте жүргүзүлөт.
3. Айыпталуучуну, жабырлануучуну жана соттук териштирүүнүн башка катышуучуларын суракка алууну айып коюучу жана жактоочу тараптар жүргүзөт.
Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачыларынын катышуусу менен далилдениши сот арачыларынын ушул Кодекстин 370-беренесинде каралган ыйгарым укуктарына ылайык аныктала турган жазык ишинин иш жүзүндөгү жагдайлары гана изилденет.
4. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысынын корутунду бөлүгүн жарыя кылууда айыпталуучунун соттолгондугу тууралуу фактыларды эске салууга укуксуз.
5. Сот арачылары төрагалык кылуучу аркылуу айыпталуучуга, жапа чегүүчүгө, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге бул адамдар тараптар тарабынан суралгандан кийин суроо бере алышат. Суроолор сот арачылары тарабынан жазуу жүзүндө баяндалат жана улук аркылуу төрагалык кылуучуга берилет. Төрагалык кылуучу ишке тиешеси жок деп эсептеген, ошондой эле таңууланган же мазактоочу мүнөздөгү суроолорду четке кагууга укуктуу.
6. Сот арачыларынын катышуусу менен айыпталуучунун мурдагы соттолгондугуна байланышкан, аны өнөкөт аракеч же баңгичи деп таануу жөнүндөгү жагдайлар, ошондой эле айыпталуучуга карата сот арачысынын бир жактуу мамилесин пайда кылышы мүмкүн болгон башка жагдайлар изилденбейт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-371" title="371-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>