370-берене. Төрагалык кылуучунун жана сот арачыларынын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 45-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөндөрдү копшогондо, жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө бардык маселелер, ушул Кодексте белгиленген талаптарга ылайык төрагалык кылуучу тарабынан жеке чечилет.
2. Жазык ишин соттук териштирүүнүн жүрүшүндө сот арачылары ушул Кодекстин 336-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2, 4-пункттарында каралган жана суроо баракчасында түзүлгөн маселелерди чечет. Айыпталуучу күнөөлүү деп таанылган учурда, сот арачылары айыпталуучунун күнөөсү жеңилдетүүгө арзый тургандыгын көрсөтүүгө укуктуу.
3. Төрагалык кылуучу сот арачылары болбогондо тараптардын өтүнмөлөрү боюнча ишти териштирүүдөн ушул Кодекстин 82-беренесине ылайык далил катары жол берилгис болгон иш жүзүндөгү маалыматтарды чыгарып салуу жөнүндө маселени чечүүгө милдеттүү.
4. Тараптар сот арачылары катышкан сотто ишти териштирүүдөн чыгарып салынган далилдер бар экендигин эске салууга, өзүнүн позициясын негиздөө үчүн аларга шилтеме келтирүүгө укуксуз.
5. Төрагалык кылуучу сот арачыларын жол берилгис деп таанылган далилдер менен тааныштырууга укуксуз.
Эгерде төрагалык кылуучу сот арачыларына, алар ушундай тартипте алган маалыматтарды эсепке албоого милдеттүү экендигин түшүндүрсө, сот арачыларынын катышуусунда алар изилденгенге чейин же кийин жол берилгис деп таанылган далилдер менен сот арачыларын тааныштыруу жазыктык-процесстик мыйзамды олуттуу бузууну түзбөйт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
370-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-370" title="370-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>