319-берене. Жашы жетпеген жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуунун өзгөчөлүктөрү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Он төрт жашка чейинки курактагы жабырлануучуну жана күбөнү суракка алууда ата-энелери же мыйзамдуу өкүлдөрү, алар болбогон учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери чакырылат. 14 жашка чейинки курактагы жашы жетпеген күбөнү же жабырлануучуну суракка алууда ошондой эле психолог же педагог чакырылат.
Көрсөтүлгөн адамдар төрагалык кылуучу судьянын уруксаты менен жабырлануучуга жана күбөгө суроо берет.
2. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу алдында төрагалык кылуучу аларга толук жана туура көрсөтмөлөрдү берүүнүн иш үчүн маанисин түшүндүрөт. Көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткандыгы жана билип туруп жалган көрсөтмөлөрдү бергендиги үчүн жоопкерчилик жөнүндө бул адамдарга алдын ала эскертилбейт жана алардын колу койдурулуп алынбайт.
3. Тараптардын өтүнүчү боюнча же соттун демилгеси боюнча жашы жете элек жабырлануучуну жана күбөнү суракка алуу айыпталуучу жок кезде жүргүзүлүшү мүмкүн, бул жөнүндө сот токтом чыгарат. Айыпталуучу сот отурумунун залына кайтып келгенден кийин, ага ушул адамдардын көрсөтмөлөрү жарыя кылынууга жана аларга суроо берүүгө мүмкүндүк берилүүгө тийиш.
4. 16 жаш куракка жете элек жабырлануучу жана күбө аларды суракка алуу бүткөндөн кийин, эгерде сот алардын мындан ары катышуусун зарыл деп таппаса, сот отурумунун залынан чыгарылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
319-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-319" title="319-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>