320-берене. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүн угузуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 42-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жабырлануучунун жана күбөнүн сотко чейинки өндүрүштө берген көрсөтмөлөрүн сотто жарыя кылууга, ошондой эле алардын көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, суракка алуунун видеожазууларын угузуп-көрсөтүүгө, эгерде алардын көрсөтмөлөрү ушул Кодекстин 26-главасына ылайык депонирленген болсо, алардын сотко келүү мүмкүндүгүн жокко чыгаруучу себептер боюнча жабырлануучу же күбө сот отурумунда жок кезде берилген тараптардын өтүнүчү боюнча жол берилет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн эрежелер ошондой эле жабырлануучунун жана күбөнүн сотто мурда берген көрсөтмөлөрүн жарыя кылуу учурларына жайылтылат.
3. Сот отурумунда ошондой эле ушул Кодекстин 313-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан суракка алынган жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрү жарыя кылынышы мүмкүн.
4. Жабырлануучунун жана күбөнүн көрсөтмөлөрүнүн үн жазууларын, аларды суракка алуунун видеожазууларын кайталап көрсөтүү тараптардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
320-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-320" title="320-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>