Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
336-берене. Өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 43-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өкүм чыгарууда сот төмөнкү маселелерди чечет:
1) айыпталуучу айыпталып жаткан жосун орун алганбы;
2) жосунду айыпталуучу жасагандыгы далилдендиби;
3) бул жосун кылмыш же болбосо жорук болуп саналабы жана ал Жазык кодексинин же Жоруктар жөнүндө кодекстин кайсы беренесинде каралган;
4) бул кылмышта же болбосо жорукту жасоодо айыпталуучу күнөөлүбү жана анын жоопкерчилигин жеңилдетүүчү жана оордотуучу жагдайлар барбы;
5) жасаган кылмышы же жоругу үчүн айыпталуучу жазаланууга тийишпи;
6) айыпталуучуга кандай жаза дайындалышы керек;
7) жаза дайындабастан өкүм чыгарууга же андан бошотууга же болбосо пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотууга негиздер барбы;
8) жоопкерчиликке тартуу жөнүндө токтом чыгарылган юридикалык жакка карата Жазык кодексинде каралган жазыктык-укуктук таасир кылуу чараларын колдонуу үчүн жоопкерчилик каралганбы;
9) конфискациялоого жаткан мүлк кылмыш жасоонун натыйжасында алынганы же ошол мүлктүн кирешеси болуп саналары же болбосо кылмыштан куралы катары пайдаланылгандыгы же пайдаланууга арналгандыгы далилдендиби;
10) материалдык зыяндын жана моралдык залалдын ордун толтуруу же жарандык доону же мүмкүн болгон конфискацияны камсыз кылуу үчүн камак салынган мүлктү эмне кылуу керек;
11) конфискацияда келтирилген залалдын орду толтурууга жатабы;
12) материалдык зыян жана моралдык залал орду толтурууга жатабы;
13) айыпталуучу өлкөдөн чыгарып жиберилүүгө жатабы;
14) буюмдук далилдерди эмне кылуу керек;
15) процесстик коромжулар кимге жана канча өлчөмдө жүктөлүшү керек;
16) сот Жазык кодексинин 64-беренесинде каралган учурларда соттолуучуну атайын, аскердик, ардактуу наамынан, дипломаттык рангасынан же класстык чининен, ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратууга милдеттүүбү;
17) Жазык кодексинин 121, 122-беренелеринде каралган учурларда медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө;
18) соттолгонго, акталганга карата бөгөт коюу чаралары жөнүндө.
2. Эгерде соттолуучу бир нече кылмыш жана (же) жорук жасаганы үчүн айыпталып жатса, сот ар бир кылмыш жана жорук боюнча өз-өзүнчө ушул берененин 1-бөлүгүнүн 1-6-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди чечет.
3. Эгерде кылмышты жасоодо бир нече айыпталуучу айыпталып жатса, сот бул маселелерди алардын жосунду жасоого катышкандагы ролун жана деңгээлин аныктоо менен, ар бир соттолуучуга карата өз-өзүнчө чечет.
4. Сот өкүм чыгарууда пробация органынын пробациялык баяндамасындагы сунуштамаларды эске алат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене боюнча Пленумдун түшүндүрмөлөрү жана сот практикасы (1)
Бул беренени колдонгон Жогорку Соттун Пленумунун токтомдору жана Конституциялык соттун чечимдери.
- Постановление Пленума Верховного суда КР от 26 февраля 2021 года № 4 «О судебной практике по назначению наказания»Сот практикасы · Постановление · 26.02.2021 · № 4
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Постановление Пленума Верховного суда КР от 26 февраля 2021 года № 4 «О судебной практике по назначению наказания»Постановление · 26.02.2021 · № 4
Беренеге шилтеме бергендер
- 32-берене
- 330-берене. Өкүм чыгарууда сот тарабынан чечилүүчү маселелер
- 341-берене
- 343-берене
- 370-берене
- 461-берене
- 472-берене
Беренеде аталган актылар (1)
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-336" title="336-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>