82-берене. Далилдер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 10-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Алардын негизинде алгачкы текшерүү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган, мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат.
2. Далилдин булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) шектүүнүн, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү;
2) эксперттин корутундусу жана көрсөтмөлөрү;
3) адистин көрсөтмөлөрү;
4) буюм далилдери;
5) атайын тергөөнүн, тергөө жана соттук аракеттердин протоколдору;
6) башка документтер.
3. Ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган маалыматтар жол берилгис далилдер болуп саналат, юридикалык күчкө ээ эмес жана иш боюнча чечимге негиз болбойт, ошондой эле ушул Кодекстин 83-беренесинде көрсөтүлгөн ар кандай жагдайларды далилдөө үчүн пайдаланылбайт.
4. Жол берилгис далилдерге төмөнкүлөр кирет:
1) коргоочудан баш тарткан (анын катышуусу менен жазуу жүзүндө) учурларды кошпогондо, жазыктык жазалануучу терс жорукту жасагандыгы жөнүндө шектүүнүн көрсөтмөлөрү коргоочу жок сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү маалыматтар, бирок мында анын көрсөтмөлөрү сотто ырасталууга тийиш;
2) сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө кыйноолорду, зомбулукту, коркутууну, алдоону, ошого тете башка мыйзамсыз аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, шектүүнүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага карата кыйноолорду колдонуунун натыйжасында алынган көрсөтмөлөр;
3) жабырлануучунун, күбөнүн жоромолго, божомолго, айыңга негизделген көрсөтмөлөрү, ошондой эле өзүнүн маалымат булагын көрсөтө албаган күбөнүн көрсөтмөлөрү;
4) ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда жазык иши же жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп табылган адамдын көрсөтмөлөрү;
5) жазык иши же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан ар кандай процесстик аракеттерди жүргүзүүдө, ошондой эле четтетүүгө жаткан адамдын ага катышуусунда алынган маалыматтар;
6) илимий билимдерге каршы келген ыкмаларды колдонуу менен алынган маалыматтар;
7) айыптоочу тарабынан ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен алынган башка далилдер.
5. Алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамы, тергөөчү, прокурор, сот далилдердин жол берилбестиги жөнүндө маселени чечип жатып, ар бир учурда жол берилген бузуу эмнеден айкын көрүнгөндүгүн тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…кошпогондо, жазыктык жазалануучу терс жорукту жасагандыгы жөнүндө алынып салынды: шектүүнүн, айыпкердин кошулду: шектүүнүн көрсөтмөлөрү коргоочу жок сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндөгү … аракеттерди жана катаал мамилени колдонуу менен алынган күбөнүн, алынып салынды: шектүүнүн, айыпкердин кошулду: шектүүнүн көрсөтмөлөрү, ошондой эле ага карата кыйноолорду колдонуунун … ушул Кодексте белгиленген тартипте сурак учурунда жазык иши кошулду: же жоруктар жөнүндө иш үчүн мааниси бар жагдайларды туура кабылдоого же көрсөтүп берүүгө жөндөмсүз деп табылган адамдын көрсөтмөлөрү;
5) жазык иши кошулду: же жоруктар жөнүндө иш боюнча өндүрүштү жүзөгө ашырууга укугу жок адам тарабынан ар кандай … тактоого жана жүйөлөштүрүлгөн чечим кабыл алууга милдеттүү.
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-82" title="82-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>