Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
354-берене. Соттук териштирүү башталганга чейин жекече айыптоо иши боюнча судьянын ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде берилген арыз ушул Кодекстин 353-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүнүн талаптарына жооп бербесе, аны берген адамга судья далилдерди берүүнү, мүчүлүштүктөрдү четтетүүнү сунуш кылат жана ал үчүн мөөнөттөрүн белгилейт. Көрсөтмөлөр аткарылбаган учурда судья өзүнүн токтому менен арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартат жана бул тууралуу арыз ээсине билдирет. Арызды өндүрүшкө кабыл алуудан баш тартуу тууралуу токтом апелляциялык тартипте 5 сутканын ичинде даттанылышы мүмкүн.
2. Жекече айыптоочунун өтүнүчү боюнча судья далилдерди чогултууга көмөк көрсөтүүгө тийиш.
3. Арыз келип түшкөн учурдан баштап 7 суткага чейинки мөөнөттө соттук отурумду баштоо үчүн негиз болгон учурда, судья арыз берилген адамды чакырып, аны иштин материалдары менен тааныштырууга, берилген арыздын көчүрмөсүн тапшырууга жана ушул Кодекстин 47-беренесинде каралган сот отурумундагы айыпталуучунун укугун түшүндүрүүгө жана ошол адамдын пикири боюнча аны коргоочу күбө катары сотко кимди чакыруу керектигин тактоого милдеттүү.
4. Судья тараптарга элдешүү, анын ичинде медиатордун жардамы менен элдешүү мүмкүнчүлүгүн түшүндүрүүгө милдеттүү. Алардан келишүү жөнүндө арыз келип түшкөн учурда иш боюнча өндүрүштү судья Жоруктар жөнүндө кодекстин 39-беренесинин негизинде токтом менен кыскартат.
5. Эгерде тараптардын ортосунда жарашууга жетишилбесе, судья ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүнүн талаптары аткарылгандан кийин ушул Кодекстин 271-беренесинин эрежелери боюнча ишти кароону баштайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-354" title="354-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>