353-берене. Жекече айыптоо иши боюнча өндүрүштүн башталышы
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ушул Кодекстин 23-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган жекече айыптоо иши боюнча өндүрүш Жоруктар жөнүндө кодексте каралган башка адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө адамдын сотко берген арызы боюнча башталат.
2. Арызда берилген соттун аталышы; жоруктун жасалган жерин жана убактысын көрсөтүү менен ошол окуяны баяндоо, далилдер; ишти өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө сотко өтүнүч; жоопкерчиликке тартылуучу адам жөнүндө маалымат; сот чакырууга тийиш болгон күбөлөрдүн тизмеси камтылууга тийиш. Арызга аны берген адам кол коёт.
3. Арыз жекече айыптоо иши боюнча өзүнө карата өндүрүш башталып жаткан адамдардын саны боюнча көчүрмөлөр менен сотко берилет.
4. Сот арызды өз өндүрүшүнө кабыл алган учурдан баштап арыз берген адам жекече айыптоочу болуп саналат жана ага ушул Кодекстин 42-беренесинде каралган укуктар түшүндүрүлүүгө тийиш.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
353-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-353" title="353-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>