355-берене. Сот отурумунда ишти териштирүү
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 44-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жекече айыптоо иши боюнча арызды кароо утурлаган арызды кароо менен бир өндүрүшкө бириктирилиши мүмкүн. Бириктирүүгө соттук териштирүү башталганга чейин судьянын токтому боюнча жол берилет. Арыздарды бир өндүрүшкө бириктирүүдө, аларды берген адамдар бир эле учурда жекече айыптоочу жана айыпталуучу катары процесске катышат. Каршы даттануу келип түшкөндүгүнө жана каршы даттануу берилген адамдын өтүнүчү боюнча өндүрүштү бириктирүүгө байланыштуу коргоого даярдануу үчүн иш 3 суткадан ашык эмес мөөнөткө жылдырылышы мүмкүн. Алардын өздөрүнүн даттанууларында баяндалган жагдайлар жөнүндө бул адамдарга сурак жүргүзүү жабырлануучуну суракка алуунун эрежелери боюнча жүргүзүлөт, ал эми каршы даттанууда баяндалган шарттар тууралуу - айыпталуучуну суракка алуу эрежелери боюнча жүргүзүлөт.
2. Сот отурумунда жекече айыптоо иши боюнча айыптоону жекече айыптоочу же анын өкүлү колдойт.
3. Жекече айыптоо иши боюнча соттук териштирүү аны берген адамдын же анын өкүлүнүн арызын жарыялоо менен башталат.
4. Сот отурумуна жекече айыптоочунун же анын өкүлүнүн жүйөлүү себепсиз келбей калышы берилген арыздан баш тартууну билдирет жана иш боюнча өндүрүштү кыскартууга алып келет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
355-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-355" title="355-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>