461-берене. Жашы жете элек айыпталуучуга өкүм чыгарууда сот чечүүчү маселелер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 54-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жашы жете элек айыпталуучуга өкүм чыгарууда сот ушул Кодекстин 336-беренесинде саналган маселелер менен катар пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, эркинен ажыратууга байланышпаган жазаны дайындоо мүмкүнчүлүгү жөнүндө, ошондой эле тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу менен жазадан бошотуу жөнүндө маселелерди талкуулашы керек.
2. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошоткон, эркинен ажыратуу менен байланышпаган, жаза чарасы дайындалган, же болбосо тарбиялык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулган учурларда, сот бул тууралуу пробация органына жана (же) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана аларга соттолгондун жүрүш-турушун контролдоону жүзөгө ашырууну жүктөйт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
461-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-461" title="461-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>