25-берене. Жарандардын жазыктык куугунтуктоону жана айыптоону жүзөгө ашырууга же катышууга укугу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жабырлануучу каза болгон же кураш же ден соолугу боюнча жазык сот өндүрүшүндө өзүнүн эркин билдире албаган учурда, анын каалаган жашы жеткен жакын туугандарынын, жубайлардын бири ушул Кодексте каралган тартипте шектүүнү, айыпталуучуну жазыктык куугунтуктоого, ал эми жеке айыптоо иштери боюнча - айыптоо коюуга жана колдоого алууга катышууга укуктуу.
2. Соттук териштирүүнүн убагында прокурордун айыптоодон баш тартуусу жабырлануучуну айыптоону колдоо укугунан ажыратпайт.
3. Эгерде жабырлануучу же анын укук мураскору өндүрүштүн каалаган учурунда шектүүнүн, айыпталуучунун же соттолуучунун күнөөсүздүгүнө (тиешеси жоктугуна) ынанган учурда, ал жазыктык куугунтуктоодон же айыптоону колдоодон баш тартууга укуктуу жана тергөөчүгө, прокурорго, сотко баш тартуунун жүйөсүн баяндайт.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
25-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-25" title="25-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>