153-берене. Тергөөнүн караштуулугу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 21-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 22 июля 2021 года № 87
1. Ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан өмүргө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 130-137-беренелери), ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 138-142, 144, 145-беренелери), адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 146-151-беренелери), инсанды медициналык жана фармацевттик тейлөө чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 152-160-беренелери), жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 161-163-беренелери), инсандын рухий - адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 164-169-беренелери), кишинин жеке эркиндигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 170-174-беренелери), жашы жете электердин кызыкчылыктарына жана үй-бүлөлүк мамилелердин тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 175-181, 183, 184-беренелери), адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 185, 186, 189-198-беренелери), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 200-204, 206-208, 210-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 236-беренеси), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 247-249, 253-257-беренелери), өнөр жайда, курулушта жана жогорку коркунучтагы булактарды пайдалануу чөйрөсүндө коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 258-263-беренелери), коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 264-266-беренелери), баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар (Жазык кодексинин 267-269, 271-276-беренелери), калктын саламаттыгына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 277-282-беренелери), экологиялык коопсуздукка жана жаратылыш чөйрөсүнө каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 283-295-беренелери), транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 296-303-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 334-беренеси), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 344-346, 348-беренелери), сот актыларын жана башка аткаруу документтерин аткарууга каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 349-354-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 355, 356, 360-362-беренелери), чакырылуучулардын, резервдегилердин жана аскерге милдеттүүлөрдүн кылмыштары жөнүндө (Жазык кодексинин 363-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
2. Ден соолукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 143-беренеси), үй-бүлө мамилелеринин салттарына жана жашы жетелектердин кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 182-беренеси), адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери), коомдук коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 239-246, 250-252-беренелери), конституциялык түзүлүштүн негиздерине жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 307-312, 316-318-беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 335-беренеси), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357, 358-беренелери), тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 380-388-беренелери), аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарынын жана салттарынын башка бузуулары жөнүндө (Жазык кодексинин 389, 390, 392-395-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
3. Баш ийүү жана аскердик ар-намысты сактоо тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 364-374-беренелери), аскердик мүлктү сактоонун же эксплуатациялоонун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 375-379-беренелери), аскер кызматчысы статусундагы адамдардын жасаган кылмыштары жөнүндө жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
4. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын тергөөчүлөрү тарабынан адамдын саясий жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 199-беренеси), менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 209-беренеси), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 211, 213, 214, 216, 220-223-беренелери), акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 224, 225-беренелери), салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 227-232-беренелери), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-234, 236-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт..
5. Жазык-аткаруу системасынын органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жазык-аткаруу системасынын мекемелеринин аймагындагы шектүүлөр, айыпкерлер жана соттолгондор тарабынан жасалган бардык жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
6. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 187, 188-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш аскер прокуратурасынын жана улуттук коопсуздук органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
7. (Бөлүк КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
7-1. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча органдардын жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан менчикке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 205-беренеси), экономикалык ишти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 212, 217-219-беренелери), акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 226-беренеси), коммерциялык жана башка уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 233-235, 237, 238-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 359-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтык кызыкчылыктарына каршы коррупциялык же башка кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 319-331-беренелери), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 339-343, 347-беренелери), башкаруу тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 357-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш улуттук коопсуздук органдарынын жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан жүргүзүлөт.
9. Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан акча-насыя жана валюта чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 225-беренеси), коомдук тартипке каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 264-беренеси), маалыматтык коопсуздукка каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 304-306-беренелери), конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 313-315-3151 беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 332, 333-беренелери), аскердик кылмыштар жана согуш жүргүзүүнүн мыйзамдарын жана салттарын башка бузуулар жөнүндө (Жазык кодексинин 391-беренеси) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
10. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча органдардын, улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан экономикалык ишмердикти жүзөгө ашыруунун тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 215-беренеси), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 336-беренеси), далилдерди табуунун процесстик тартибине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 337, 338-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
11. улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын тергөөчүлөрү тарабынан баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, аларга окшошторду жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 267, 270-беренелери) жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлөт.
12. Ушул беренеде каралган, ар кайсы органдардын тергөөгө караштуулугуна таандык кылмыштардын жыйындысында тергөө караштуулугу кыйла оор кылмыш боюнча аныкталат.
13. Ар кайсы органдардын тергөөсүнө караштуу жазык иши соттук өндүрүштү баштаган органдын тергөөчүсү тарабынан тергелет.
14. Ушул Кодекстин 33-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган учурларды албаганда, тергөөгө караштуулугуна таандык болбогон жазык иштери боюнча сотко чейинки өндүрүшкө жол берилбейт.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29, 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
153-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 22 июля 2021 года № 87 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
22.07.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…мамлекеттин коопсуздугуна каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин алынып салынды: 313-315-беренелери), кошулду: 313-315-3151 беренелери), сот бийлигине каршы кылмыштар жөнүндө (Жазык кодексинин 332, … 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № алынып салынды: 29 кошулду: 29, 2021-жылдын 22-июлундагы № 87 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Жогорку Кеңешинин 2020-жылдын 21-майындагы № 3740-VI "Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2019-жыл үчүн отчету жөнүндө" токтомуПостановление · 21.05.2020 · № 3740-VI
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик…Закон · 15.05.2019 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-153" title="153-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>