33-берене. Прокурордун ыйгарым укуктары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 5-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Прокурор - ушул Кодексте каралган компетенциясынын чектеринде төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы:
1) жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын сакташын көзөмөлгө алууну;
2) сотто мамлекеттик айыптоону колдоону;
3) мамлекеттик органдардын кызмат адамдарын жазыктык куугунтуктоону;
4) сотто жарандын же мамлекеттин кызыкчылыктарына өкүлчүлүк кылууну.
2. Сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө прокурор төмөнкүлөргө ыйгарым укуктуу:
1) сотко чейинки өндүрүшкө тиешелүү материалдарга, документтерге жана башка маалыматтарга толук жеткиликтүү болууга;
2) жасалган же даярдалып жаткан кылмыштар жана (же) жоруктар жөнүндө билдирүүлөрдү кабыл алуунун, каттоонун жана чечүүнүн аткарылышынын мыйзамдуулугун текшерүүгө;
3) ырааттуулугуна ылайык, өзгөчө учурларда - ырааттуулугуна карабастан, жазык иштерин - тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, жоруктар жөнүндө иштерди алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тобуна өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөндөгүлөр болуп саналат: тергөөчү ишти калыс тергөө жүргүзбөөсү; кызмат адамдары тарабынан карамагында турган тергөөчүгө тигил же бул чечимди кабыл алууга кысым көрсөтүүсү; иштин коомдук маанилүүлүгү; ушул иш боюнча кылмышты ачкан органдын тергөө жүргүзүүсүнүн максатка ылайыктуулугу;
4) ушул Кодексте каралган ыйгарым укуктардын алкагында жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштоого жана (же) алып барууга;
4-1) тиешелүү органдарга ишти тергөөгө өткөрүп берүү менен тизмеги "Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аныкталган адамдарга карата жазык иши жана (же) жорук жөнүндө иш боюнча шектелгендиги тууралуу кабарлама чыгарууга, ошондой эле аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого; 4-2) жазык ишин жана (же) жорук жөнүндө ишти кыскартууга же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;
5) жазык иштерин жана (же) жоруктар жөнүндө иштердин тергелишинин мыйзамдуулугун көзөмөлгө алууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле изин суутпай издөө ишин жүзөгө ашыруучу органдар тарабынан мыйзамдардын аткарылуусуна;
6) кармоонун мыйзамдуулугун текшерүүгө жана ушул Кодекстин талаптарын бузуу менен кармалган адамдарды бошотуу тууралуу токтом чыгарууга;
7) тергөөчүгө, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына билдирилген четтетүүнү, ошондой эле алардын өзүн өзү четтетүүсүн чечүүгө;
8) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүү жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө;
9) алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынан, тергөөчүдөн сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө жол берилген мыйзам бузууларды жоюуну талап кылууга;
10) көзөмөл жүргүзгөн прокурордун көрсөтмөлөрүнө макул болбогон алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын, тергөөчүнүн каршы пикирлерин карап чыгууга;
11) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, тергөө бөлүмүнүн жетекчисинин жана төмөн турган прокурордун мыйзамсыз жана негизсиз токтомдорун жокко чыгарууга;
12) тергөө судьясына бөгөт коюу чарасын колдонуу жана аны узартуу жөнүндө өтүнүч киргизүүгө;
13) сотко чейинки өндүрүштүн мөөнөтүн узартууга же болбосо аларды узартуудан баш тарууга;
14) алгачкы текшерүү органынын, тергөөчүнүн, төмөн турган прокурордун чечимдерине жана иш-аракеттерине даттанууларды чечүүгө;
15) эгерде алар мыйзам бузууга жол беришсе, алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамын, тергөөчүнү жана төмөн турган прокурорду ушул иш боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө андан ары катышуудан четтетүү тууралуу токтом чыгарууга;
16) эгерде ошол адамдар кылмыш жасады деп шектелишсе, жазык куугунтугунан бошоткон иммунитеттен пайдаланып жүрүшкөн адамдарды ошол иммунитеттен ажыратуу жөнүндө сунуштама менен тиешелүү органдарга кайрылууга;
17) айыпталуучуну же болбосо шектүүнү жазыктык куугунтуктоодон баш тартууга жана айыпталуучуга коюлган айыпты өзгөртүүгө;
17-1) шектүүнүн жосунунун квалификациясын өзгөртүүгө;
18) жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча айыптоочу актыны бекитүүгө же болбосо жазык ишин жана (же) жоруктар жөнүндө ишти өзүнүн жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрү менен алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;
19) кызматташуу жөнүндө макулдашууну, күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууга же канааттандыруудан баш тартууга;
20) жабырлануучуну, күбөнү жана жазык сот өндүрүшүнө катышкан башка адамдарды коргоо чараларын колдонуу жөнүндө тапшырма берүүгө;
21) сотто айыптоону колдоого;
22) ушул Кодексте белгиленген тартипте соттук чечимдерге даттанууга;
23) ушул Кодексте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
2-1. Аскер прокурору - ушул Кодексте каралган компетенциянын чегинде аскер кызматчысы статусундагы адамдарды жазыктык куугунтуктоого ыйгарым укуктуу кызмат адамы.
3. Ушул Кодексте каралган тартипте сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүүгө байланыштуу прокурордун тергөө жана алгачкы текшерүү органдарына жазуу жүзүндө берилген көрсөтмөлөрү бул органдар үчүн милдеттүү болуп саналат.
Алынган көрсөтмөлөрдү жогору турган прокурорго даттануу аларды аткарууну токтотпойт. (КР 2019-жылдын 15-майындагы № 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
33-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 15 мая 2019 года № 62 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Уголовно-исполнительный кодекс Кыргызской Республики, Уголовный кодекс Кыргызской Республики, Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики)"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…каттоонун жана чечүүнүн аткарылышынын мыйзамдуулугун текшерүүгө;
3) алынып салынды: тергөө караштуулугуна ылайык кошулду: ырааттуулугуна ылайык, өзгөчө учурларда - ырааттуулугуна карабастан, жазык иштерин алынып салынды: жана (же) жоруктар жөнүндө иштерди кошулду: - тергөөчүгө же тергөөчүлөрдүн тобуна, алынып салынды: өзгөчө учурларда - тергөө караштуулугуна карабастан, тергөө үчүн тапшырууга, кошулду: жоруктар жөнүндө иштерди алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамына же алгачкы текшерүү органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын тобуна өткөрүп берүүгө. Өзгөчө учурлар төмөндөгүлөр болуп саналат: тергөөчү … баш тартууга жана айыпталуучуга коюлган айыпты өзгөртүүгө;
кошулду: 17-1) шектүүнүн жосунунун квалификациясын өзгөртүүгө;
18) жазык иши жана (же) жоруктар жөнүндө иш боюнча айыптоочу актыны … укуктуу кызмат адамына, тергөөчүгө кайтарууга;
19) кызматташуу кошулду: жөнүндө макулдашууну, күнөөсүн мойнуна алуу жөнүндө макулдашууну түзүү жөнүндө өтүнүчтү канааттандырууга же … даттануу аларды аткарууну токтотпойт.
(КР 2019-жылдын 15-майындагы № алынып салынды: 62 Мыйзамынын кошулду: 62, 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген прокуратуранын айрым ыйгарым укуктары жөнүндөЗакон · 13.07.2017 · № 124 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111530/st-33" title="33-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик Кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>