Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-10-28.
КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 22-июлу № 87 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 79-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 314-берененин 2-бөлүгү "анын ишине" деген сөздөрдөн кийин "көндүрүү, азгырып жалдоо же" деген сөздөр менен толукталсын;
2) Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 3151-берене менен толукталсын:
"3151-берене. Экстремисттик ишти каржылоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында экстремисттик ишти уюштурууну-даярдоону же жүзөгө ашырууну каржылоо үчүн каражаттар толук же жарым-жартылай багышталат же пайдаланылат деген ниеттенүү же сезип билүү менен түздөн-түз же кыйыр түрдө (үчүнчү жактар аркылуу) каражаттарды берүү, каржылык кызматтарды көрсөтүү же кандай гана болбосун усулдар же ыкмалар менен каражат жыйноо -
II категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:
1) алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан;
2) өзүнүн кызматтык абалын пайдалануу менен адам тарабынан, -
III категориядагы эркиндигинен ажыратууга жазаланат. Эскертүү. Ушул беренеде каралган кылмышты жасаган адам, эгерде ал экстремисттик ишти каржылоо жөнүндө өз ыктыяры менен билдирсе жана (же) кылмышты ачууга жана алдын алууга көмөк көрсөтсө, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамы жок болсо, жазык жоопкерчилигинен бошотулат. Ушул беренеде экстремисттик мүнөздөгү кылмышты жасоого даярданып жаткан же жасаган адамдарга тиешелүү каражаттарды же экстремисттик уюмдун контролундагы каражаттарды алуу жана сактоо, же болбосо мындай каражаттар менен операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо же аларды башкаруу каржылык кызмат көрсөтүү болуп таанылат.".
2-берене. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 2 (1), 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 153-берененин 9-бөлүгү "313-315" деген цифралардан кийин "3151" деген цифралар менен толукталсын.
3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Н. Жапаров
2021-жылдын 16-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү…Закон · 28.10.2021 · № 126
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон