84-берене. Көзөмөлдүк талаптар жана пробациялык милдеттер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Сот пробациялык көзөмөл белгиленген соттолгонго карата төмөнкүдөй көзөмөл талаптарын аткарууну жүктөйт:
1) соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он күндүн ичинде жашаган жери боюнча пробация органына келүүгө;
2) пробация органынын уруксатысыз өлкөнүн же административдик-аймактык бирдиктин чегинен чыкпоого;
3) пробация органына жашаган жери, иши же окуусу жөнүндө, ошондой эле алар өзгөргөндүгү тууралуу кабарландырууга;
4) пробация органынын кызматкеринин мыйзамдуу талабынын негизинде жумуш убактысында пробация органына мезгил-мезгили менен келип турууга;
5) жашаган жеринен кыска мөөнөткө чыгып кетүү зарылдыгы болгондо, пробация органынан уруксат алууга.
2. Пробациялык көзөмөл чараларын колдонуу менен адамды жаза өтөөдөн бошоткон учурда сот төмөнкүдөй милдеттердин бирин же андан көбүрөөгүн соттолгон адамга жүктөйт:
1) соттун өкүмү чыгарылганга чейин алдын ала макулдугу алынган, алкоголизмден, баңгиликтен, токсикоманиядан же башка адамдардын ден соолугуна коркунуч келтирген оорудан дарылануу курсун өтүү;
2) алкоголду ичпөө, баңгилик, психотроптук же уулуу заттарды колдонбоо;
3) белгилүү бир адамдар менен байланышпоо;
4) кылмыштын натыйжасында жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун сот аныктаган мөөнөттө толтуруу;
5) белгилүү бир жерлерге барбоо;
6) сутканын сот аныктаган убактысында жашаган жеринде болуу;
7) сот белгилеген мөөнөттө ишке орношуу же окууга өтүү;
8) пробация органы тарабынан дайындалган ресоциализация программаларына катышуу;
9) багуусунда турган адамдарды багуу боюнча милдеттерин жүзөгө ашыруу;
10) пробация органынын талабы боюнча сот тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы жөнүндө кабарлоо.
3. Сот өз ыктыяры боюнча соттолгон адамга аткарууну жана соттолгон адамды түзөтүүгө түрткү берүүчү башка пробациялык милдеттерди жүктөй алат.
4. Пробация көзөмөлү пробация органы, ал эми аскер кызматчыларына карата аскер бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин командачылыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
5. Пробациялык мөөнөттүн ичинде сот пробация органынын сунуштамасы боюнча соттолгон адам үчүн мурда белгиленген пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып салышы, же болбосо толукташы мүмкүн. Соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот ушул берененин 2-бөлүгүнүн 3, 5 жана 6-пункттарында каралган пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып сала алат.
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
84-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пробация органына келүүгө; 2) пробация органынын уруксатысыз өлкөнүн кошулду: же административдик-аймактык бирдиктин чегинен чыкпоого; 3) пробация органына жашаган жери, иши же окуусу … пробациялык милдеттерди толук же жарым-жартылай алып сала алат. кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик КодексиКодекс · 02.02.2017 · № 20 · Күчүн жоготкон
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-84" title="84-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>