Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
83-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 13-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза дайындоодо кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, анын пробациялык көзөмөлдү колдонууга берген макулдугун, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алуу менен, соттолгон адамды жаза өтөтпөстөн түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келет, жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу-дем берүүчү чарасы болуп эсептелген пробациялык көзөмөлдү (пробацияны) колдонуу аркылуу аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Пробациялык көзөмөл оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн соттолгон адамдарга, Кыргыз Республикасында убактылуу жашап турган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга, ошондой эле жашы жетелектин жыныстык кол тийбестигине кол салууну жасаган адамдарга колдонулбайт.
2. Сот пробациялык көзөмөлдү дайындоодо жабырлануучунун пикирин, эгерде бар болсо, эске алышы мүмкүн.
3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет. Пробациялык көзөмөлдүн мөөнөттөрүн эсептеп чыгаруусу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып башталат.
4. Пробациялык көзөмөл белгиленгенде ушул Кодекстин 64-беренесинде каралган кошумча жазалар дайындалышы мүмкүн.
5. Пробациялык көзөмөлдү белгилөө соттолгон адамга карата жазык-укуктук таасир этүүнүн башка мажбурлоочу чараларын (коопсуздук чараларын) колдонуудан бошотпойт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-83" title="83-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>