111-берене. Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Эгерде сот беш жылдан ашпаган мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза дайындоодо, кылмыштын оордугун, күнөөлүүнүн инсандыгын, ошондой эле иштин башка жагдайларын эске алып, жашы жетелек соттолгонго жаза өтөөсүз эле түзөтүү мүмкүн экендиги жөнүндө тыянакка келсе, анда ал пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен аны жаза өтөөдөн бошотуу жөнүндө чечим кабыл ала алат.
2. Эгерде пробациялык көзөмөл мөөнөтүнүн ичинде жашы жетелек соттолгон жаңы кылмыш же жорук жасабаса жана ушул Кодекстин 84-беренесинин негизинде сот тарабынан белгиленген өзүнө жүктөлгөн пробациялык милдеттерди аткарса, сот дайындалган жаза өтөөдөн аны бошотот.
3. Пробациялык көзөмөл бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө белгиленет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
111-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-111" title="111-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>