90-берене. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууда сыноо мөөнөтүн дайындоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 14-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жазаны өтөөдө шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотуу колдонулган учурда сыноо мөөнөтү сот актысы күчүнө кирген учурдан тартып башталат.
2. Жазаны өтөөдөн шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамга сот жазанын өтөлө элек бөлүгүнүн чегинде, бирок үч жылдан ашпаган сыноо мөөнөтүн дайындайт.
3. Сот шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга сыноо мөөнөтү ичинде пробация органы тарабынан ишке ашырылуучу көзөмөлдү белгилөө жөнүндө токтом чыгарат.
4. Соттолгон адамга көзөмөл белгиленгенде, сот сыноо мөөнөтү мезгилинде ага, ушул Кодекстин 84-беренесинде каралган милдеттерди жүктөй алат.
5. Эгерде соттолгон адам сыноо мөөнөтү ичинде өзүнө жүктөлгөн милдеттерди сактабаса, анда сот пробация органынын сунушунун негизинде соттолгон адамды дайындалган жазаны өтөөгө жөнөтүү жөнүндө токтом чыгара алат.
6. Соттолгон сыноо мөөнөтүнүн ичинде жаңы кылмыш жасаган учурда, сот, ушул Кодекстин 79-беренесине ылайык, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча ага жаза дайындайт.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-90" title="90-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>