Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
79-берене. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазаны дайындоодо сот акыркы өкүм боюнча дайындалган жазага мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгүн жарым-жартылай же толугу менен кошот.
2. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү же өлчөмү, эгерде ал эркиндигинен ажыратууга караганда жеңилирээк болсо, ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө жазанын ушул түрү үчүн каралган максималдуу мөөнөттөн жана өлчөмдөн ашпоого тийиш.
3. Өкүмдүн жыйындысы боюнча дайындалган акыркы жаза кайрадан жасалган кылмыш үчүн дайындалган жаза катары, ошондой эле мурдагы өкүм боюнча дайындалган жазанын өтөлбөгөн бөлүгү катары көбүрөөк болууга тийиш.
4. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жана башка кандай гана болбосун катуураак эмес жазаларды кошкондо, өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча дайындалган жазанын жалпы мөөнөтү катуураак эмес жазаларды өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасына сиңирүү жолу менен аныкталат.
5. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу түрүндө эки же андан ашык жазалар дайындалган учурда ал бир жолу өтөлөт.
6. Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жазалардын кошумча түрлөрүн бириктирилиши ушул Кодекстин 66 жана 68-беренелеринде каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-79" title="79-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>