Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
78-берене. Кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Ушул Кодекстин ар кандай беренелери (беренелеринин бөлүктөрү), ошондой эле бир беренеси (беренесинин бөлүгү) катары каралган эки же андан көп кылмыш бир эле адам тарабынан жасалганда, алардын бири боюнча да адам соттолбосо жана жазык куугунтуктоосунун эскирүү мөөнөтү аяктабаса, кылмыштуу жосундардын жыйындысы деп таанылат.
2. Кылмыштардын жыйындысы болгондо, сот ушул главанын жоболоруна ылайык ар бир кылмышка өзүнчө жаза (негизги жана кошумча) дайындайт, андан кийин катуураак эмес жазаны катуураагына сиңирүү жолу менен же дайындалган жазаларды толук, же болбосо жарым-жартылай бириктирүү жолу менен акыркы жазаны аныктайт.
3. Сот төмөнкүдөй эрежелерди жетекчиликке алып, жазаны дайындайт:
1) эгерде жасалган кылмыштар оор же өзгөчө оор болсо - сиңирүү колдонулбайт;
2) эгерде жасалган кылмыштардын бардыгы этиятсыздыктан болсо - толук бириктирүү колдонулбайт;
3) эгерде жасалган анча оор эмес жана оор кылмыштар этиятсыздыктан болсо - жарым-жартылай бириктирүү колдонулат, ал эми бардык анча оор эмес, оор жана өзгөчө оор кылмыштар атайылап жасалган болсо - толук бириктирүү колдонулат, бирок дайындалган акыркы жазанын мөөнөтү тиешелүү түрдө эркиндигинен ажыратууда беш, он беш жана жыйырма жылдан ашпоого тийиш.
4. Эгерде жасалган кылмыштардын жок дегенде бирине өмүр бою эркиндигинен ажыратуу дайындалса, анда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жаза кандай гана катуураак эмес болбосун жазаны өмүр бою эркиндигинен ажыратууга сиңирүү жолу менен аныкталат.
5. Кылмыштардын жыйындысы болгондо негизги жаза менен кошумча жаза колдонулушу мүмкүн. Жазаларды жарым-жартылай же толук бириктирүү менен дайындалган кошумча жазанын акыркы мөөнөтү жана өлчөмү ушул Кодекстин Жалпы бөлүгүндө кошумча жазанын бул түрү үчүн каралган максималдуу мөөнөттөн же өлчөмдөн ашпоого тийиш.
6. Эгерде өкүмдү чыгаргандан кийин соттолгон адам биринчи иш боюнча өкүм чыгарылганга чейин башка дагы кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп аныкталса, жаза ушул эле тартипте дайындалат. Бул учурда кылмыштардын жыйындысы боюнча акыркы жазага биринчи өкүм боюнча толугу менен же жарым-жартылай өтөлгөн жаза кошуп эсептелет.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-78" title="78-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>