66-берене. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу кылмыш жасаган адамга мамлекеттик кызматынын же муниципалдык кызматынын кызмат ордун ээлөөгө, же болбосо белгилүү бир кесиптик же башка иш менен алектенүүгө тыюу салынгандыгын билдирет.
2. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын негизги түрү катары бир жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө дайындалат жана төрт категорияга бөлүнөт:
1) I категория - бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө;
2) II категория - эки жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө;
3) III категория - үч жылдан төрт жылга чейинки мөөнөткө;
4) IV категория - төрт жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө.
3. Белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу, эгерде адам белгилүү бир кызмат ордун ээлебегенде же белгилүү бир иш менен алектенбегенде жасалмак эмес кылмышты жасаган мүнөзүнөн улам бул жаза ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренелеринде (беренесинин бөлүгүндө) каралбаса, жазанын кошумча түрү катары алты айдан үч жылга чейинки мөөнөткө дайындалат.
4. Кылмыштын өзгөчө субъектти тарабынан кызматтык абалын пайдаланып жасалган, жашы жетелек адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна же жыныстык кол тийбестигине каршы атайылап кылмыш жасалган учурда белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу жазанын кошумча түрү катары сот тарабынан милдеттүү түрдө дайындалат. Мында жазанын бул түрүнүн максималдуу мөөнөтү төрт эсеге, бирок жыйырма жылдан көп эмес жалпы мөөнөткө көбөйтүлөт.
5. Жазанын негизги түрү катарында коомдук иштер же айып дайындалганда, ошондой эле пробациянын шарттарын колдонуу менен жазадан бошотулганда жазанын кошумча түрү катары дайындалган белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып эсептелет.
6. Түзөтүү жумуштарына, тартиптик аскер бөлүгүндө кармоого жана белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазанын кошумча түрү катары белгилүү бир кызмат ордун ээлөө, же болбосо белгилүү бир иш менен алектенүү укугунан ажыратуу дайындалганда, ал жазанын негизги түрүн өтөөнүн бүткүл мөөнөтүнө жана мындан тышкары соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген мөөнөткө да жайылтылат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
66-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-66" title="66-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>