Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 3-марты № 44 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Салянованын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренеси, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренеси, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктары ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат деп белгиленген. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу, негиз келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алган чечим менен жүзөгө ашырылат. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова Аида Жеңишбековна Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгү менен каралган кылмышты жасоого күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 5 (беш) жылга эркинен ажыратылган; Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-беренесинин негизинде сот жазаны өтөө мөөнөтүн 2015-жылдын 18-июлунда туулган баласы он төрт жашка чыкканга чейин кийинкиге калтырган. 2018-жылдын 7-февралында Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштери жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын өкүмү менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата 2017-жылдын 10-октябрындагы айыптоо өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 359-беренесине ылайык, апелляциялык инстанциядагы соттун өкүмү ал жарыяланган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет. Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 7-февралындагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ж.Саляновага карата Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун 2017-жылдын 10-октябрындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 100-беренесине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 360-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актылары бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке жактар үчүн милдеттүү болуп эсептелет жана республиканын бардык аймагында аткарылууга жатат. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73, 100-беренелеринин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө", Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктун, 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 6-беренесин, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарын, 18-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова Аида Жеңишбековнанын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Салянова Аида Жеңишбековнанын ырастамасы ушул токтом жарыяланган күндөн тартып жараксыз деп табылсын.
3. Токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Ата-Мекен" парламенттик фракциясына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндөЗакон · 18.12.2008 · № 267
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон