73-берене. Жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 12-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Жазаны дайындоодо жазаны жеңилдетүүчү жагдайлар болуп төмөнкүлөр таанылат:
1) ак ниети менен өкүнүү кылмышты ачууга жигердүү көмөк көрсөтүү;
2) келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу түрдө толтуруу же келтирилген зыянды четтетүү;
3) жеке, үй-бүлөлүк, экономикалык жана топтолгон башка оор жагдайлардан улам кылмыш жасоо;
4) материалдык, кызматтык же башка көз карандылыктан улам кылмыш жасоо;
5) жашы жетелектердин кылмыш жасашы;
6) кош бойлуу абалдагы аялдын кылмыш жасашы.
2. Сот жазаны дайындоодо ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн башка жагдайларды да жеңилдетүүчү деп таанышы мүмкүн.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
73-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-73" title="73-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>