110-берене. Эркиндигинен ажыратуу
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 18-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Кылмыш жасаганга чейин он сегиз жашка жете адамдарга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза алты айдан он жылга чейинки мөөнөткө дайындалышы мүмкүн.
2. Жашы жетелекке эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза ушул Кодекстин 70-беренесинде каралган өлчөмдөрдө дайындалат.
3. Жашы жетелектерге кылмыштардын жыйындысы же өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоодо жазанын максималдуу мөөнөтү он жылдан, ал эми кылмыштардын жыйындысы боюнча жасалган кылмыштардын бири же андан ашыгы өзгөчө оор болсо, он эки жылдан ашпоого тийиш.
4. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза он алты жашка чейинки куракта биринчи жолу анча оор эмес кылмыш жасаган жашы жетелек соттолгонго, аны пробациялык көзөмөлдү колдонуу аркылуу жазадан бошотуу шарты менен гана дайындалат.
5. Өкүм чыгарылган учурда курагы он сегиз жашка жетелек адамга эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жаза өтөөнүн түрү жана режими Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык дайындалат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
110-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-110" title="110-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>