Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
65-берене. Коомдук иштер
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29
1. Коомдук иштер соттолгон адам тарабынан негизги иштен жана окуудан бош убакытта коомдун пайдасына акысыз иштерди аткаруудан турат, алардын конкреттүү түрлөрү Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык пробация органдары менен бирдикте муниципалдык кызмат тарабынан аныкталат.
2. Коомдук иштер иштен жана окуудан бош убакытта - күнүнө 4 сааттан ашпаган убакытка, ал эми иштебегендер жана окубагандар үчүн - күнүнө 8 сааттан ашык убакытка чейин аткарылат.
3. Коомдук иштер төрт категорияга бөлүнөт:
1) I категория: жашы жетелектер үчүн - 40тан 60 саатка чейин, башка адамдар үчүн - 60тан 120 саатка чейин;
2) II категория: жашы жетелектер үчүн - 60тан 80 саатка чейин, башка адамдар үчүн - 120дан 200 саатка чейин;
3) III категория: жашы жетелектер үчүн - 80ден 100 саатка чейин, башка адамдар үчүн - 200дөн 280 саатка чейин;
4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - 100дөн 120 саатка чейин, башка адамдар үчүн - 280ден 360 саатка чейин.
4. Коомдук иштер мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына, I жана II топтогу майып деп таанылган адамдарга, кош бойлуу аялдарга, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, пенсия курагына жеткен адамдарга, ошондой эле коомдук иштердин мөөнөтү аяктагандан мурдараак пенсия курагына келип калган адамдарга дайындалбайт.
5. Адам коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда, пробация органдын сунушу менен, сот бул боюнча адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка жаза менен алмаштырат.
6. Сот өкүмүнүн токтому чыккандан кийин баланы багуу боюнча өргүүгө чыккан коомдук иштерге соттолгон адамга карата сот коомдук иштерди төмөнкүдөй айып салууга алмаштырат:
1) I категориядагы коомдук иштер - I категориядагы айыптын 25 пайызы;
2) II категориядагы коомдук иштер - II категориядагы айыптын 25 пайызы;
3) III категориядагы коомдук иштер - III категориядагы айыптын 25 пайызы;
4) IV категориядагы коомдук иштер - IV категориядагы айыптын 25 пайызы.
Айыпты төлөөдөн баш тартканда, адам ушул Кодекстин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.
7. Коомдук иштерге соттолгон адамга карата, соттун өкүмүнүн токтому чыккандан кийин I же II топтогу майып деп таанылса, ошондой эле кош бойлуу аялга карата, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин билинсе, анда ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат
(КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 10 марта 2021 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере уголовного законодательства"Редакцияларды салыштыруу
10.03.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Адам коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качкан учурда, алынып салынды: жаза аткарууну алып баруучу кошулду: пробация органдын сунушу менен, сот бул боюнча адам соттолгон ушул Кодекстин … билинсе, анда ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат
кошулду: (КР 2021-жылдын 10-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-65" title="65-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>