Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
67-берене. Түзөтүү жумуштары
Күчүн жоготкон · 28.10.2021 редакциясы · 11-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126.
1. Түзөтүү жумуштары соттолгон адамдын иштеген жери боюнча, ал эми айкалыштырып иштеген учурда, соттолгондун негизги иштеген жери боюнча өтөлөт.
2. Түзөтүү жумуштары төрт категорияга бөлүнөт:
1) I категория: жашы жетелектер үчүн - эки айдан төрт айга чейин, башка адамдар үчүн - бир жылдан бир жыл алты айга чейин;
2) II категория: жашы жетелектер үчүн - төрт айдан алты айга чейин, башка адамдар үчүн - бир жыл алты айдан эки жылга чейин;
3) III категория: жашы жетелектер үчүн - алты айдан тогуз айга чейин, башка адамдар үчүн - эки жылдан эки жыл алты айга чейин;
4) IV категория: жашы жетелектер үчүн - тогуз айдан бир жылга чейин, башка адамдар үчүн - эки жыл алты айдан үч жылга чейин.
3. Түзөтүү жумуштарына соттолгондун эмгек акысынын (акчалай үлүшүнүн) суммасынан мамлекеттин кирешесине соттун өкүмү менен белгиленген өлчөмдө, 20 пайыздан 25 пайызга чейинки чектеги сумманы чегерүү жүзөгө ашырылат.
4. Түзөтүү жумуштары туруктуу жумуш орду жок адамдарга, кош бойлуу аялдарга, бала багуу боюнча өргүүдөгү аялдарга жана эркектерге, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчыларына, ошондой эле түзөтүү жумуштарынын мөөнөтү аяктагандан мурдараак пенсия курагына келип калган адамдарга дайындалбайт.
5. Түзөтүү жумуштарына соттолгон адам түзөтүү жумуштарын өтөөдөн кыянаттык менен качса, сот пробация органынын сунушу боюнча түзөтүү жумуштарын, адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка катуураак жаза менен алмаштырат.
6. Соттун өкүмү чыгарылгандан кийин адам ишин жоготсо жана бир айдын ичинде өз ыктыяры менен жумушка орношпосо, сот түзөтүү жумуштарын төмөнкүдөй эсеп менен айып салууга алмаштырат:
1) I категориядагы түзөтүү жумуштары - I категориядагы коомдук иштер менен;
2) II категориядагы түзөтүү жумуштары - II категориядагы коомдук иштер менен;
3) III категориядагы түзөтүү жумуштары - III категориядагы коомдук иштер менен;
4) IV категориядагы түзөтүү жумуштары - IV категориядагы коомдук иштер менен.
Коомдук иштерге соттолгон адам коомдук иштерди аткаруудан кыянаттык менен качса, сот жазаны өтөө карамагында болгон органдын сунушу боюнча сот бул жазаны адам соттолгон ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн беренесинде (берененин бөлүгүндө) тиешелүү санкциясында каралган башка жаза менен алмаштырат.
7. Түзөтүү жумуштарына соттолгон адам соттун өкүмүнүн токтому чыккандан кийин баланы багуу боюнча өргүүгө чыкса, сот түзөтүү иштерин төмөнкүдөй эсеп менен айып салууга алмаштырат:
1) I категориядагы түзөтүү жумуштары - I категориядагы айыптын 50 пайызы;
2) II категориядагы түзөтүү жумуштары - II категориядагы айыптын 50 пайызы;
3) III категориядагы түзөтүү жумуштары - III категориядагы айыптын 50 пайызы;
4) IV категориядагы түзөтүү жумуштары - IV категориядагы айыптын 50 пайызы.
Айыпты төлөөдөн качканда, адам ушул Кодекстин 351-беренесинин негизинде жазык жоопкерчилигине тартылат.
8. Түзөтүү ишине соттолгон адам соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин I же II топтогу майып деп таанылса, ошондой эле кош бойлуу аял, эгерде кош бойлуулугу соттун өкүмүнүн токтому чыгарылгандан кийин билинсе, аларга карата ушул Кодекстин 91-беренесинин жоболору колдонулат.
Берененин тексти 28.10.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111527/st-67" title="67-берене - Кыргыз Республикасынын Жазык кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>