931-берене. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалыматтар базасы
Күчүндө · 06.10.2026 редакциясы · 13-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 25 июля 2019 года № 100
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.
2. Маалыматтар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Башкы сот аткаруучу тарабынан аныкталат.
3. Маалыматтар базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:
1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;
2) аткаруу документи кабыл алынган дата;
3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;
4) карызкор жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, сүрөтү);
5) аткаруу документи боюнча тындырылбаган карыздын суммасы;
6) аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аталышы жана дареги;
7) карызкорго издөө жарыяланганы жөнүндө маалыматтар.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар карызкор издөөдө жүргөн учурда өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жарыяланат жана карыз төлөнүп бүткөнгө же аткаруу өндүрүшү токтотулганга чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат; бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Карыз толук тындырылгандан же аткаруу өндүрүшү токтотулгандан кийин сот аткаруучу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызкорду маалыматтар базасынан алып салуу жөнүндө кабарландыруу жиберет. Карызкор жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде маалыматтар базасынан чыгарылат. (КР 2019-жылдын 25-июлундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
931-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111522/st-931" title="931-берене - Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>