Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2019-жылдын 25-июлу № 100 "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
2019-жылдын 26-июнунда
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
1-берене. "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 1 (2), 15-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 15-1-пункт менен толукталсын:
"15-1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына издөөдө жүргөн карызкордун сүрөтүн жана маалыматтарын жайгаштырууга;";
2) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 93-1-берене менен толукталсын:
"93-1-берене. Алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлордун маалыматтар базасы
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган алименттик милдеттенмелер боюнча карызкорлор жөнүндө маалыматтарды камтыган, анын ичинде электрондук түрдөгү маалыматтар базасын түзөт жана жүргүзөт.
2. Маалыматтар базасын түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби Башкы сот аткаруучу тарабынан аныкталат.
3. Маалыматтар базасында камтылган төмөнкү маалыматтар жалпыга жеткиликтүү болуп саналат:
1) аткаруу документинин түрү, анын номери, аткаруу документин берген органдын аталышы;
2) аткаруу документи кабыл алынган дата;
3) аткаруу өндүрүшүнүн номери;
4) карызкор жөнүндө маалыматтар (фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, туулган жери, сүрөтү);
5) аткаруу документи боюнча тындырылбаган карыздын суммасы;
6) аткаруу өндүрүшүн жүргүзүп жаткан сот аткаруучулар кызматынын бөлүмүнүн аталышы жана дареги;
7) карызкорго издөө жарыяланганы жөнүндө маалыматтар.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтар карызкор издөөдө жүргөн учурда өндүрүп алуучунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде жарыяланат жана карыз төлөнүп бүткөнгө же аткаруу өндүрүшү токтотулганга чейин жалпыга жеткиликтүү болуп саналат; бул маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
Карыз толук тындырылгандан же аткаруу өндүрүшү токтотулгандан кийин сот аткаруучу кийинки күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга карызкорду маалыматтар базасынан алып салуу жөнүндө кабарландыруу жиберет. Карызкор жөнүндө маалыматтар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде маалыматтар базасынан чыгарылат.";
3) мамлекеттик тилдеги Мыйзамдын 2-тиркемесинде:
а) биринчи абзацы "мүлктүн" деген сөздөн кийин "жана предметтердин" деген сөздөр менен толукталсын;
б) тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 1-пункт менен толукталсын:
"1) карызкор жана анын үй-бүлөсү туруктуу жашаган, күрөөнүн предмети болуп саналбаган турак үй;";
в) 1-7-пункттарынын белгилөөлөрүндө "1", "2", "3", "4", "5", "6" жана "7" деген цифралар "2", "3", "4", "5", "6", "7" жана "8" деген цифраларга алмаштырылсын.
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 15 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (15)
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 934-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 08.02.2023 · № 934-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 1498-VII "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы жыйналышынын күн тартибин…Постановление · 18.10.2023 · № 1498-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы № 3127-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 19-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.06.2019 · № 3127-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3158-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 26.06.2019 · № 3158-VI
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын 2018-2019-жылдарга ишинин "СЕССИЯЛЫК ПЛАНЫ"План · 27.09.2018 · № 2602-VI
- Постановление Жогорку Кенеша КР от 5 февраля 2020 года № 3518-VI "Об утверждении календарного плана работы Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на февраль 2020 года"Постановление · 05.02.2020 · № 3518-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 26-июнундагы № 3184-VI "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3146-VI токтому менен түзүлгөн макулдашуу тобу…Постановление · 26.06.2019 · № 3184-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 20-июнундагы № 3146-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин каршы пикири менен кайтарылып берилген "Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана…Постановление · 20.06.2019 · № 3146-VI
- Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20-июнундагы № 2498-VI "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.06.2018 · № 2498-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 24-январындагы № 2860-VI "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 24.01.2019 · № 2860-VI
- КР Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 21-февралындагы № 2915-VI "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 21.02.2019 · № 2915-VI
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 948-VII “Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын…Постановление · 08.02.2023 · № 948-VII
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 18-октябрындагы № 1500-VII "Сот аткаруучуларынын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 18.10.2023 · № 1500-VII
Шилтеме берет (1)
- Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралууЗакон · 28.01.2017 · № 15